воскресенье, 1 декабря 2013 г.

Арзуу

60 жашка келгендеги ойлор[оңдоо]


Сейилдеп ойго батып басып жүрдүм,
Сезимден өтүп жатты өткөн күнүм.
Серпилип ай-жылдызга жетпесем да,
Сезилээрлик жакшы эле өмүр сүрдүм.

Жалбарган мунажатын Кудай берип,
Жакшы ата, жакшы энеден төрөлүпмүн.
Жаткырбай эжелерим колмо-колдоп,
Жаркыраган бешикке бөлөнүпмүн.

Атактуу Күңгөй-Сандык, жайлоо кенен,
Август айы, онунчу күнү экен.
Аксайда, Ит-үрдүнүн конушунда,
Апам мени жарыкка алып келген.

Көз байланып, жылдыз толуп асманга,
Кой короодо, уй желеде жатканда.
Келиптирмин бул дүйнөгө баркырап,
Кемпир-чалдар оозун тегиз ачканда.

Төрт кыздын аркасынан Кудай берди,
Түгөлбай 53үндө уул көрдү.
Түшүрбөй этегине тосуп алып,
Токтобүбү чоң эжем кыдырды элди.

Жети кемпир өткөрүп алаасынан,
Жети казан тиштетип кулагынан.
Жетилсин деп көздүүнүн көзү тийбей,
Жети жылы тагыптыр тумарынан.

Атакем уул жытын жыттап алып,
Алпештеп бакты мени кубаттанып.
Кулагымды көзөтүп сырга тагып,
Колго-бутка күмүштөн кишен салып.
Күмүш бычак жазданып уктачу экем,
Күмүштөлгөн идиштен тамактанып.

Алты айланып толгонуп тапкан энем,
Ардагым деп алпештеп баккан энем.
Атам-энем артыкча эркелетип,
Аргымакты мингизип баккан экен.
Антсе да ата-эненин тарбиясы,
Акылга акыл кошуп жаккан экен.

Атакемден айрылдым он төртүмдө,
Айыкпас жарат түштү аң-сезимге.
Антсе дагы апакем болгон үчүн,
Оокат кылдык термелеп эл четинде.

Бейиши болгур апам элден калбай,
Жазда сакмал болчу эле жаны тынбай.
Белине уул-кызын таңуу кылып,
Жайда апийим бакчу эле карап турбай.

Он алтымда мектепти аяктадым,
Окубайм, иштеймин деп талаптандым.
Ошондо апам болбой бекем туруп,
Окууга жөнөттү эле балапанын.

Тарбия-таалим алдым күлүп-ойноп,
Тагдырың не буюрат, болбойт болжоп.
Таалайыма жар кылып жазган экен,
Табылды Жумабүбүм Кудай колдоп.

Ойлонуп санаа санайм, оюм түтүн,
Бала кез өткөн экен, келип күзүм.
Бала-чакам, байбичем - баары менен,
Байкасам алыптырмын жыйнап түшүм.
2005-жыл, күз айы

Түн терметем[оңдоо]

Түн терметем түрлүү ойлор чубалып,
Түрмөктөлөт улам арттан куралып.
Тим өткөргөн убакытым көп экен,
Тирүүлүктө жүрө берип кубанып.
Текке кеткен ошол жылдар түрмөгүн,
Түрсөм артка Жараткандан суранып.
Алтымыштын чыгып алып кырына,
Алты ондун конуп алып тууруна.
Алпкаракуш сымбатында ормоңдоп,
Айланама көз чаптырам бууруга.
Алыс калган арт жагымды карасам,
Алтын жаштык чыга келет суурула.
Бардык элге эне болуп аккан суу?
Бала чагым өттү Сүйөк боюнда.
Балапан кез, барбалаңдап ойногон,
Баары турат унутулбай оюмда.
Балдар менен кулун-тайдай жарышып,
Балык уулап, кайырмагым колумда.
Кыдырата эске салам өткөндү,
Кызык учур, бир орунда тура албас.
Кыдырчу элем учуп-күйүп чөлкөмдү,
Кийим кийбей, жылаңаяк, жылаңбаш,
Көпөлөк кууп чымылдаган бала кез,
Көздөн учуп закым болду кайрылбас.
Асте кылчы, айланаңа көңүл бур,
Абайлачы, экиленбе, сактап сыр.
Алтымыштан ашып калган кезиңде,
Ал мезгилиң келбейт эми сабыр кыл.
Амандыгын тиле бала-чаканын,
Ак сакалдуу кары болоор бул учур.
2007-жыл, январь-февраль
30 жылдыкка карата

О дүйнө кеткен атабыз,
Он төрткө келген кезимде.
Опосуз таш боор дүйнө деп,
Ой-санаа толгон сезимге.
Бейиши болгур апакем,
Белсенип элден калышпай,
Жазында сакмал, жайында –
Апийим бакчу талыкпай.
Онунчуну бүткөндө,
Окууга болбой жөнөттү.
Ойлонуп биздин тагдырды,
Ошенткен апам дагы өттү.
Баарыбызды дүйнөгө алып келди,
Өмүр берди, тарбия-таалим берди.
Жаңыдан убай көрүп жыргаар кезде,
Жүз үйрүп бул дүйнөдөн кете берди.
Эчен жыл татып мээнетти,
Бирок, эмгеги жанды келинден.
Апакем менен Жүкүнүм –
Эне менен баладай,
Эл көзүнө көрүнгөн.
Бармактай кезден табышып,
Баш кошуп турмуш курадык.
Бак-таалай тилеп Кудайдан,
Батасын элдин сурадык.
Улуу агам Кашкардын,
Унутпайм кылган эмгегин.
Уланса ушул иним деп,
Уучтап каржы бергенин,
Урпакка үлгү иш болоор,
Уул-келин алса өрнөгүн.
Ошондон бери карасам,
Оболоп 30 жыл өттү.
Ортолоп 100дү курагым,
Оюмда берди тилекти.
Жадыма алып санасам,
Жалындап отуз жыл өттү.
Жашатып жүздүн жарымын,
Жараткан берди тилекти.
Теңтушум менен бир жашап,
Теңдешсиз отуз жыл өттү.
Теңдедим толук кылымды,
Теңирим берди тилекти.
Торолдум жаңы деп жүрсөм,
Толуптур жашым элүүгө.
Токсонду чапчып турса да,
Тойбойт ээ адам өмүргө.
Эсимде жайдын бир күнү,
Энтеңдеп кетип баратсам.
Алдымдан чыктың жарк этип,
Окууга келген Жүкөнжан.
Колумдан жедиң алманы,
Ошондо оомийин дептир Жараткан.
Ынтымак орноп үйүмө,
Ынактык кирип сүйүүмө.
Ырысты берген Кудайга,
Мунажат кылам күнүгө.
Ак уул, кызыл кыз төрөп,
Агарттың мага дилиңди.
Апамды сыйлап кызындай,
Адамдык сыпат билинди.
Акылга дыйкан Жүкүнүм,
Анан албаймын кантип тилиңди.
Агайын-тууган ичинде,
Ак көрпө жайыл жан болдуң.
Айттырбай билген оюмду,
Акылга шерик жар болдуң.
Акыл, Сакин, Рахат,
Талантым менен Дөөлөтүм.
Карысам кайра жашартчу,
Карааны тоодой сөөлөтүм.
Тун уулумду тапканда,
Тулкума батпай сүйүнгөм.
Туш келип уулум жарына,
Туйгун таптым үйүмдөн.
Ар кимдин таап көңүлүн,
Балы бар айткан кебиңин.
Арманы болбос уулумдун,
Өзүңдү тартса келиниң.
Келген күндөн ушул күн,
Кекээрдүү бир кеп чыкпады.
Кең дасторкон жыйылбай,
Келиндер сага ыктады.
Кызыма айтаар акылым:
«Балам, энеңден алгын нусканы».
Алтын баш сарым Рахат,
Сага ар кандай айтсак жарашат.
Апаңдай жарга жолугуп,
Алганың менен баар тап.
Кежирлиги болсо да,
Кемтик жок кылган ишинде.
Кенжемден чоңу Талантым,
Кебетеси да окшошуп,
Энесин тарткан дитинде.
Эрмегим, кенжем, чынарым,
Кулунум, козум, улагым.
Дөкүдөй уулду таап берген,
Өзүңсүң менин ынагым.
Асманда айым, күнүмсүң,
Түбөлүк бүтпөс ырымсың.
Базарга чыксам түгөнгүс,
Баа жеткис каухар пулумсуң.
Жалындап тургун ушинтип,
Жаныңда турган жылынсын.
Айтканым чеки сөз эмес,
Чын эле Жүкүн кыйынсың.
Урматтап күттүң апамды,
Улуу кызы шекилдүү.
Ушуларды ойлосом,
Сыйлабайм кантип өзүңдү.
Балдарың менен жарыңа,
Алтындан салган коргонсуң.
Агайын-тууган ичинде,
Акылман атка конгонсуң.
Сөз барбы сенин сөзүңдөй,
Көз барбы сенин көзүңдөй.
Арманым жокко дүйнөдө,
Жолуккан жанга өзүңдөй.
Назиксиң жаңы келиндей,
Жумшаксың сырттын желиндей.
Солкулдап күндө жашарып,
Мезгилди жеңгин жеңилбей.
Жаркылдап сүйлөп жайдары,
Сезимди козгоп кайдагы.
Жүрөктө жашап келесиң,
Булбулум болуп таңдагы.
Урматтап келген жериңди,
Уул-кыз таптың келишкен.
Толтуруп шаңга үйүмдү,
Сен болдуң менин периштем.
Уялып кетем кээ кезде,
Ушинтип айта бериштен.
Караймын көзүм талыбай,
Карегим, күнүм, жаным ай.
Карааныңдан кагылып,
Кашыңда жүрсөм карыбай.
Тилеген ойлор орундап,
Март болсун бизге Кудайым.
Ден соолук берип Жараткан,
Кылымды карыт ылайым.
Балдардын көрүп ыраатын,
Бактылуу өмүр сүрөлү.
Ээрчишип эгиз козудай,
Экөөбүз бирге жүрөлү. 1995-жылдын күзү.
Туулган күнгө арноо

Өзгөчө бир жаралган асыл болуп,
Өзүңдөй миң жылда бир жан туулабы?
Ар кимдин өз алынча мүнөзү бар,
Аларды Жүкүндөй бол деш туурабы?
Жагымдуу мүнөзүң бар, жүзүң жаркын,
Жүргөн бар түгөйүнүн билбей баркын.
Жүгүрүп тызылдайсың, баарын тейлеп.
Жүкүнүм, Жүкүнүм ай кызыл алтын.
Каухарым, Кудай буйруп бир табылган,
Казынам, кара жаным, бар табылгам.
Кара көзүм, карегим, Каныкейим,
Кайра туулсам канткенде сени табам?
Жүкүнтай, Жумабүбүм, жаным Жүкүн,
Жан дүйнөм жарык кылып тийген күнсүң.
Жан барда көкүрөктө, жалгыз сен деп,
Жалбырттап жалын болуп ырдап жүрмүн.
Кан басым көтөрүлүп, жүрөк ооруп,
Кара жер айланкөчөк кесел тооруп.
Калганда өз колуңдан дарыңды ичип,
Кайрадан адам болом кушум конуп.
Балдарым баары жакшы, көңүлүм жай,
Бир тууган сыйлап турат балдарымдай.
Бирок да, маңдайымда чарк айланып,
Баркым билген эч ким жок алганымдай.
Акылгөй, жумшак мүнөз, илбериңки,
Ак жоолук делбир болот эстүү зайып.
Жабуулуу кара ингендей жүкчүл өзү,
Жарынан кемчил кетсе жууп-чайып.
Кор кылбай багып алат балдарыңды,
Кокустан көзүң өтсө жазып-тайып.
Жаркырап Алтын Казык жылдызындай,
Жаралып бул дүйнөгө бир келгенсиң.
Жашоонун бороонунда буюкпастан,
Жаңылбай маң-маң баскан Чаар Ингенсиң. 18.07.2003
Таптазам

Байкасам сейрек турмушта,
Бак-таалай күтүп кут конгон.
Бактылуу жигит экемин,
Башынан сага туш болгон.
Карасам сейрек турмушта,
Кадыр-барк күтүп кут конгон.
Кызырлуу жигит экемин,
Кыйрымдан сага туш болгон.
Жалындап сүйүүм тереңден,
Жалынып сага келем мен.
Жаңылам башка жагынан,
Жаңылбайм Жүкүн дегенден.

Алоолоп сүйүүм тереңден,
Айланып сага келем мен.
Айнырмын башка жагынан,
Айныбайм Жүкүн дегенден.
Жаңылып тетир бассам да,
Жаман иш кылып жатсам да.
Жакшы сөз менен жайгарган,
Жароокер сендей тапкам да.
Кыйшактап калпыс бассам да,
Кыңыр иш кылып жатсам да.
Кылыгы менен жайгарган,
Кымбаттуу сендей тапкам да.
Тултуюп тетир бассам да,
Туура эмес кылып жатсам да.
Туюктан жол таап жайгарган,
Туруктуу сендей тапкам да.
Жайдары мүнөз таптазам,
Жалының элден башкачам.
Жаңылбайт элем өзүңдөн,
Жаңыдан турмуш баштасам.
Калбаат мүнөз таптазам,
Кадырың элден башкачам.
Кажыбайт элем өзүңдөн,
Кайрадан турмуш баштасам.
Ак көңүл момун таптазам,
Ажарың элден башкачам.
Айныбайт элем өзүңдөн,
Айланып турмуш баштасам.
Арстанбек, Кылыч айткандай,
Арнаймын сөздүн берметин.
Ашбышым жаны тынбаган,
Атанын алдың мээнетин.
Адамдын дилин козгогон,
Ак кептер сымал келбетиң. 18.07.1999
Жанбиргем (35 жылдыкка)

Күн нуруна бөлөнгөн,
Күндөй жүзүң караймын.
Күн жамалдуу Жалжалым,
Күлгөнүңдү самаймын.
Ай нуруна бөлөнгөн,
Айдай жүзүң караймын.
Ай жамалдуу Жалжалым,
Амандыгың самаймын.
Келин сындуу керилген,
Келбетиңе берилгем.
Кең дасторкон жайнатып,
Келберсиген Жанбиргем.
Кең пейилин көрсөтүп,
Кебелбеген Жанбиргем.
Айчүрөктөй керилген,
Ажарыңа берилгем.
Ачуулансам кез-кезде,
Айтышпаган Жанбиргем.
Акылына жеңдирип,
Айгышпаган Жанбиргем.

Карлыгачтай керилген,
Кара кашың терилген.
Каарын төгүп адамга,
Касташпаган Жанбиргем.
Бакылдасам кез-кезде,
Басташпагаан Жанбиргем.
Ушунча кыз-келинден,
Узду тапкам керилген.
Узун татаал жумуштун,
Учун тапкан Жанбиргем.
Уруш кылсам кез-кезде,
Унчукпаган Жанбиргем.
Өңү-түсү келишкен,
Өзгөчө жан дегизген.
Өнө бойду жыргатып,
Өмүр сүтүн эмизген.
Өзгөлөргө кор кылбай,
Өзүң болдуң периштем.
Бар тарабы келишкен,
Башкача жан дегизген.
Бар дүйнөмдү жыргатып,
Балкылдатып эриткен.
Башкаларга кор кылбай,
Бактым болдуң периштем.
Аймаласын жүзүңдү,
Ала-Тоонун айдарым.
Адаштырбай адамды,
Акыл кошкон кайраным.
Амандыгың тилеймин,
Алтын көкүл жайдарым.
Акыл, Сакин, Рахат,
Таку, Дөкү, Айганыш.
Зукен, Нукен, Назирам,
Баары бизге байланыш.
Балдар бизден тараган,
Баары бизге караган.
Канат-куйрук узарып,
Ойго жетсек самаган.
Адамдын таап көңүлүн,
Балы бар айткан кебиңин.
Өзүң менен бир өттү,
Отуз беш жыл жыргал өмүрүм.
Өзүң менен бир өтсүн,
Алдыда калган өмүрүм. 31.10.2000
Арзуу
Арзыдым сага, арзыдым жаным, арзыдым.
Арзыдым сага, арзыдым сен деп алтыным.
Ажарың көрөм, айтканың угам күн сайын,
Ашыкмын сага, тажабайм сенден ан сайын.
Оозунан сүтү кете элек жапжаш кыз элең,
Ойлоном ошол баш кошкон ыйык мүнөттү.
Оодарсам күнгө ортодон өткөн мезгилди,
Он үч миң үч жүз жетимиш жети күн өттү.
Ошондон бери тарабайт сенин ысыгың,
Ошондон бери тажабайм сенден терс карап.
Оюмдан кетпей, түшүмө кирет кызыгың,
Ошончо элден кылыгың сенин башкараак.
Оргуган тынбай, соолбос булак – мүрөксүң,
Орунсуз ишти кылбайсың жаным - зирексиң.
Олчойгон отуз жети жыл өттү зуулдап,
Ошондон бери опол тоо сымал тирексиң.
Баарынан тандап, жактырбай кыздын калганын,
Баш коштум сага, барманы менен Алланын.
Биригип бастык өмүрдүн жолун чаалыкпай,
Бак-таалай болдуң, ырыска шерик Алганым.
Талбайсың чарчап, ташыркап калбай, күймөнбөй,
Тартсаң да жүктү, жабуулуу кара ингендей.
Тапкамын сени, туулган жалгыз мен үчүн,
Тапкамын сени, тагдырдын сырын билгендей.
Ак көңүл жансың, агарган пейли калкына,
Ажарлуу жарсың, адамдын жеткен баркына.
Ак уул, кызыл кыз төрөп тапкан бактысын,
Ак жоолук делбир, дасторкон жайган жалпыга.
Согончок алтын, жез түркүк сенин турушуң,
Сарамжал жансың, бап кылган бардык жумушун.
Сен менен өтсө, алдыда калган өмүрүм,
Сен болбой миң жыл жашаган күнүм курусун.
Сыйынам дайым, оозанып ысмын Алланын,
Сыймыктуу болсун өзүңдөн тапкан балдарым.
Ден соолук, өмүр, бак-таалай берсин Жараткан,
Сыйынам дайым: өмүрлүү болсун Алганым! 19.07.02
Эртегимди эскерүү

Мектепти бүтүп, окууга келген кезиңде,
Мээримим түшүп, ошондо көргөм өзүңдү.
Маралдай көзүң моймолжуп мени тиктесе,
Магдырай түшүп, жоготуп койгом өзүмдү.
Айылда кезде, анчалык көңүл бөлбөгөм,
Арадан төрт жыл өткөнчө сени көрбөгөм.
Агайдын кызы чоңоюп калды дегенди,
Ар кимден угуп, ансайын жүрөк дегдеген.
Каникул болчу, ортосу беле июлдун?,
Калаага чыккам, жасанып алып кургуруң.
Карааның көрүп, көңүлүм буруп, ал сурап,
Кымылдап калгам: «тагдырым мага буюрдуң».
Бөйтөйүп эрдиң, албырып кызыл гүл болуп,
Бакыраң көзүң суроолуу тиктеп моймолжуп.
«Бактылуу кулга жар болчу бийкеч экен»,- деп,
Башынан эле койгонсуң мени ойлонтуп.
Колумда алма бар эле - жегем бирөөнү,
Экөөнү бердим кармалап назик кош колуң,
Калыптыр бирөө колумда мага буюруп,
Карачы бизди ошондо кудай кошконун.
Арадан эки ай өттүбү, жокпу баш коштук:
Алоолоп жанып, ашыктык оту жүрөктө.
Алладан сурап ынтымак, ыйман, ырыскы,
Ата-эне, тууган кошулду ушул тилекке.
«Экөөңдү көрдүм, бириңе бириң жарашкан,
Ээрчише басып эс алып кетип бараткан.
Экөөң тең узак бактылуу өмүр сүрөсүң,
Экөөңө дайым жар болот өзү Жараткан».
Ушинтип айткан, жолуккан орус абышка,
Орногон менин оюма алтын кыт болуп.
Даарыса керек айтылуу Кызыр ошондо,
Ошондон бери жалгады Кудай, кут конуп.
Буркурап жытың буралган гүлдөй кезиңде,
Кынала баскам, кызыгың көргөм - эсимде.
Бураң бел селки, буюрган мага гүл элең,
Менсинген эрлер даай алган эмес кезинде.
Убакыт өтүп отузга келдиң суйсалып,
Жалжылдай карап сурмалуу көзүң нур чалып.
Арнадың мага шампандай ушул кезиңди,
Армансыз жанмын арзыган сага мынчалык.
Эсимде сенин кырк жашка келген курагың,
Боорсоктой болуп көркүңө чыккан убагың.
«Боорсокко» тоюп, «бозодон» ичкен кездерим,
Байкасам эми чокусу экен жыргалдын.
Эркелеп жүрдүк ушунча жылы кошулуп,
Экчелип жылдар, элүүгө келдиң тотугуп.
Экөөбүз бирге жашаган ошол күндөрдү,
Эскерем эми неберем менен олтуруп.
Сүйүштүк мына, ушунча мезгил кошулуп,
Сүрүшүп жылдар, элүүгө чыктың тотугуп.
Сүйүктүүм менен өткөргөн ошол күндөргө,
Сүйүнөм эми балдарым менен олтуруп.
Жашадык бирге, 34 жылы кошулуп,
Жарымын жүздүн басыпсың өзүң тотугуп.
Жалжалым сага жанашкан ошол жылдарды,
Жан жыргап чогуу эскерем эми олтуруп.
Өткөрдүк бирге, өмүрдүн сонун жылдарын,
Өзүңө гана арнадым жүрөк сырларын.
Өзүңдү тиктеп, ичимден созуп обонду,
Өрөпкүйм дале дирилдеп сүйүү кылдарым.
Өтүнөм дайым, карманып ысмын Алланын,
Өмүрлүү болсун ырыска шерик алганым.
Бак-дөөлөт, ырыс, ден соолук берип баарына,
Өмүрлүү болсун өзүңдөн тапкан балдарым!!! 19.07.1999
Жалындуу жансың бир өзүң

Жеткинчек кезден талпына,
Жетсем деп келем баркыңа.
Жүрөктүн отун козгогон,
Жүзүңдө мээрим бар тура.
Жүрсөк дейм бирге карыбай,
Жүз жаштын өтүп артына.
Өзгөчө жүргөн-турганың,
Өзүңсүң менин жыргалым.
Өзүң менен шерттешип,
Өмүрлүк турмуш кургамын.
Өлгөнчө жүрсөм жаныңда,
Өмүргө шерик курбалым.

Кырк жылы мурда көргөндө,
Кыз элең кызыл, агың - ак.
Кымбаттуум сага жолугуп,
Кыйын иш эле даарымак.
Кыябын таап илинттим,
Кынаптап салып кайырмак.
Өткөрө жыргал сен менен,
Өткөргөн ар бир мүнөтүм.
Өмүрдүн отун жандырган,
Өзгөчө жансың бир өзүң.
Өйдө-төмөн сүйлөбөс,
Өпкөдөй жумшак мүнөзүң.
Кеменгер жандай кеп айтып,
Кейитпей бирге жүрөсүң.
Келбетиң жанды суктанткан,
Кептердей жансың бир өзүң.
Кебине суук жолотпос,
Кебездей жумшак мүнөзүң.
Жакшынакай кеп айтып,
Жанымда бирге жүрөсүң.
Жанынан адам кеталбас,
Жалындуу жансың бир өзүң.
Жадымдан кетпей сүрөтүң,
Жашаган ар бир мүнөтүм.
Уйкаштырып кеп айттым,
Ушунча кепти неге айттым?
Улан-кыз төрөп кураган,
Умай эне кейптенип,
Учумду менин улаган,
Урматтуу жарым сени айттым.
Балапан чакта ак жоолук делбир жар болдуң,
Жетилген кезде дасторкон жайыл жан болдуң.
Бар-жокко чыдап, жабуулуу кара ингендей,
Балдарга, мага маңдайга күйгөн шам болдуң.
Байбиче болгун, согончок алтын набаттуу,
Балдарың өссүн, уланып тукум талаптуу.
Эл-журтуң жалпы сыйлаган ыйык эне бол,
Жез түркүк сымал тиреген асман тарапты.
Өткөрдүк бирге өмүрдүн сонун жылдарын,
Өзгөчө талдап, чечтик го турмуш сырларын.
Өрөпкүйм дале, өтсө да мезгил арадан,
Өзүңө гана арналып сүйүү ырларым. 8.03.2001
Жумабүбүгө арноо
Адам болуп жаралып,
Атанын жолун басыпмын.
Ар кандай жерде тайманбай,
Айтууга сөздү машыктым.
Алтымыштан ашсам да,
Алтыным сага ашыкмын.
Жергебизде төрөлүп,
Жети ата жолун басыпмын.
Жеткен жерде айтууга,
Жээренчедей дасыктым.
Жетимиш таяп калсам да,
Жетигим сага ашыкмын.
Байкасам бала кезимден,
Аягыма ай тууган-
Баш жагыма күн тууган.
Бажарат элдин кызматын,
Бала-чакам сен тууган.
Жүрөгү каухар, жүзү алтын,
Жүкүндөй жанды ким тууган.
Арманы кетти ичинде,
Атакем сени көрбөдү.
Алпештеп берген чайды ичип,
Андан кийин өлбөдү.
Апакем сага ыраазы,
Ак бата болду бергени.
Көйкөлгөн күлүк аргымак,
Көп минип жолдо бастырдым.
Көп адамга керектүү,
Көркөмдүү жарды жактырдым.
Көйгөйлүү ушул турмушта,
Көп эле олжо таптырдың.
Эне болдуң асырап,
Алымбек, Адыл, Белекти.
Кайынсиңдиң Эркеге,
Жан болдуң өтө керектүү.
Бардыгын багып өстүрдүң,
Сөзүмдүн барбы калети.
Алымбек, Адыл, Белегим,
Атышаар жоого керегим.
Ак кызмат кылдың баарына,
Айтпаймын андан бөлөгүн.
Шамшыгүл, Роза, Токтокүл,
Кадырын билээр жеңенин.
Кыя баспай алдынан,
Асегим сыйлайт жеңесин.
Энесиндей урматтап,
Эркетай кыйбайт жеңесин.
Ар кимдин тапкан көнүлүн,
Артыкча кылдат немесиң.
Өзгөчө айкөл мүнөзүң,
Өз менен жатты бөлбөгөн.
Ишмерсиң жаны тынбаган,
Ишенбейт адам көрбөгөн.
Балдарды таптым акылдуу,
Бактылуу жашап сен менен.
Аш ичет алтын чөйчөктөн,
Акыры адам өлбөгөн.
Алдыга жылат талыкпай,
Алыска колун сермеген.
Мактаймын сени талыкпай,
Мажнун болдум өңдөнөм.
Акыл, Сакин, Рахат,
Талантым менен Дөөлөтүм.
Карысам кайра жашартчу,
Карааны тоодой сөөлөтүм.
Катарлаш жашап сен менен,
Кайырсам жаштык мөөнөтүн.
Айка, Алия, Нурсултан,
Бакыт менен Бексултан.
Беш неберең беш жактан,
Бешенеңе умтулган.
Берди Кудай тилекти,
Бешикте Тагай уул туулган.
Алты күн төксөм түгөнбөс,
Айтамын сөздүн берметин.
Аш бышым жаны тынбаган,
Атанын алдың мээнетин.
Адамдын дилин козгогон,
Ак кептер сымал келбетиң. 19.07.06-10.08.06
Теңизим
Кымындай кезден биригип,
Кырк эки жылы бир жүрүп.
Кыртыйган кезиң көрбөдүм,
Кыйынго жашоо үлгүлүү.
Кыйналсаң жыргап, Теңизим,
Кызыңды бактың үлгүрүп.
Улактай кезден биригип,
Ушунча жылы бир жүрүп.
Улантып жашоо барагын,
Умтулдуң алга жүгүрүп.
Убара тартып, Теңизим,
Уулуңду бактың үлгүрүп.
Чырымтал кезден биригип,
Чын ашык болдум бир жүрүп.
Чың эткен үнүң укпадым,
Чыдамкай жансың үлгүлүү.
Чаар инген сындуу Теңизим,
Чалыңды бактың үлгүрүп.
Ак уул, кызыл кыз төрөп,
Агарттың мага дилиңди.
Апамды сыйлап кызындай,
Адамдык сының билинди.
Акылга дыйкан Теңизим,
Албаймын катип тилиңди.
Эмгекчил жансың жашыңдан,
Элиңдин алган батасын.
Эмгегиң жанып жумшаган,
Энеке болуп жатасың.
Элирип айтам талыкпай,
Эң эле бийик сапатың.
Туруктуу жансың жашыңдан,
Туугандын алган батасын.
Тукумуң өсүп тамырлап,
Туу чоку болуп жатасың.
Туурасын айтсам талыкпай,
Туу тутам бийик сапатың.
Байкасам тапкам каухарды,
Бактылуу болсом деп жүрүп.
Баа жеткис адам асылын,
Байкабайт кээде көпчүлүк.
Байбиче болдуң улгайып,
Балдарды багам деп жүрүп.
Түбөлүк тапкам каухарды,
Түгөйлүү болсом деп жүрүп.
Түгөнбөс бийик сапатың,
Түшүнбөйт кээде көпчүлүк.
Түркүктөй болдуң байбиче,
Түшүмүң жыйнайм деп жүрүп.
Умай эне кейптенип,
Урмат-сыйга татыдың.
Улан-кызың чогулуп,
Угушат айткан акылың.
Улук жансың Теңизим,
Урматтайт сени бакырың.
Бак-дөөлөт, өмүр, ден соолук,
Байма-бай тилейм ырыскы.
Балдарың менен жарыңа,
Башынан сенсиң уютку.
Баарыга төгүп мээримиң,
Байбиче болгун ырыстуу.
Ысык-Көл, Чок-Тал айлы 14.07.07
Көлдөгү ойлор

Көлгө бардым, каржылады балдарым,
Неберелер, жанымда бар Алганым.
Көлүм көпкөк, асман көгүш, жер жашыл,
Көп ойлонуп, ой учугун кармадым.
Кумга жатып, көлгө түшүп эс алдым,
Куйкаланып ысык күнгө какталдым.
Кубандырып төрт неберем каткырып,
Кумар жазып, кубаттандым, шаттандым.
Жүкүнүм бар жанымда, баарын чуктап,
Жөжө баскан тооктой чыйпылыктап.
Кам көрөт баарыбызга, балдарына,
Кайтарат өмөчөктөп, жатпайт уктап.
Эки кызы - Айганыш, Алиядай,
Ээрчиткен балапанын мекияндай.
Эки уулу – Нурсултан, Бексултандай,
Энеси балдары үчүн жаралгандай.
Эне менен баланын көркүн кара,
Экөө тең бир-бири үчүн жаралгандай.
Эки кайра туулсам табаламбы,
Сендей жанды - Жүкүнүм, Жүкүнүм ай.
Эки дүйнө кыдырсам табаламбы,
Сендей жарды - Жүкүнүм, Жүкүнүм ай. 23.07.2008
Чын сырым

Тыңшаган билет кеп сырын,
Табыптар билет чөп сырын.
Тараза болсоң эмине,
Табылбай калды көп сырым.

Эшиткен билет кеп сырын,
Эмчилер билет чөп сырын.
Эритип сүйүү демине,
Эшитсең айтаар көп сырым.
Ашпоздор билет туз сырын,
Ашыктар билет кыз сырын.
Айттырбай билсең эмине,
Арзыган сага бүт сырым.
Саяпкер таптайт тулпарды,
Мүнүшкөр таптайт шумкарды.
Махабат көлүн жээктеп,
Мажнундар тандайт кыздарды.
Адамбыз конок турмушка,
Айтайын десем тил кыска.
Ак сүйүүм арнап жашадым,
Айылдан келген бир кызга.
Алтымыш ашып улгайдым,
Айтканым болсун бир нуска.
Баарыбыз мейман турмушка,
Бакылдайм десем тил кыска.
Башынан сүйүп жактырып,
Байлангам жипсиз бир кызга.
Байбиче болдуң улгайып,
Бактылуу жашап турмушта. 24.07.2008
Жумабүбүнүн 60 жашына каалоо

Ак аралап арасын кара чачтын,
Алтымыштын ардактуу жолун бастың.
Алганыңды аздектеп жакшы күтүп,
Ак-уул, кызыл кызды дагы таптың.
Ардактап өз кызындай сый көрсөтүп,
Алдыңго Апакемдин ак батасын.
Ак жоолук делбир элең жаш кезиңде,
Ак дасторкон жайдыңго жетилгенде.
Ага-тууган ичинде кадырлашып,
Абийир таптык дос-тамыр, эл ичинде.
Ак-уул, кызыл кызың теңин тапты,
Адам болуп, бой жетип өз кезинде.
Жандын тынчын ойлобой, жыйнап күчтү,
Жабуулуу кара ингендей тарттың жүктү.
Уйку көрбөй, тор түйүп, кийим тиктиң,
Жаркылдап баарын тейлеп, күттүң бизди.
Уул-кызың актады ак эмгекти,
Кемиген жок атадан ашып түштү.
Туш болуп балдарыбыз асыл жарга,
Туугандаштык экөөбүз кудаларга.
Кезектешип жыттайбыз назик жытын,
Ысык экен небере, баладан да.
Кол-бутуңду узартып бала багып,
Кубанам ар керекке жараганга.
Неберелер: Нурсултан, Тагай, Актан,
Бексултаным, Байзагым, борбук Шабдан,
Айганышым, Бакытым, Алиямды,
Алладан тилегенбиз сурап абдан.
Баарынын жакшы көргөн энекеси,
Өзүңсүң! Кудай буйруп сени тапкам.
Чоңоюп үч балабыз окуп калды,
Айтамын Айка, Нутан, Бексултанды
Бармак болуп мектепке ушул күздө , Бакытым логопедден сабак алды.
Бал тамган тилдеринен айлансам дейм,
Байзак, Тагай, Алия, Актандарды.
Дөөлөтүм, кенже балам сүйүп абдан,
Бөжөйтүп коюнума катып баккам.
Сербейип тили чыгып баскан кезде,
Серпилип жолукканга салам айткан.
Мектепти, институту мыкты окуп,
Экөбүздү мактантып, кылган шагдан.
Мезгил жетип жарын таап Айсулуудай,
Борбойгон уул тапты, аты Шабдан.
Куда болуп окуучум Аалыбекке,
Кудайдан сураганды даана тапкам.
Кудай колдоп, толкундап илхам келип,
Кипрде жазып жатам, жанымда Актан.
Балдар болбой чакырып, бекем туруп,
Кипрге келдик мына, насип буйруп.
Рахатым иши жакшы, мыкты догдур,
Нутандын окуусуна көңүл бурдук.
Актаным тили таттуу, өзү ширин,
Назирам төрөп берсе Кудай буйруп.
Акыл, Рахат, Талантым, Дөкү кенжем,
Сакиндей сары алтынды Кудай берген.
Зульфия, Назираны мурда тапсак,
Дарика, Айсулуулар мурда келген.
Нурбегим күйөө балам салабаттуу,
Жети ойлонуп, бир кесип, аз сүйлөгөн.
Айганыш, Нутан, Бека, Алиям бар,
Бакытым, Тагай, Байзак баатыр делген.
Актаным Кыбрыста кыбыраса,
Тыбырап Шабдан бизге жаңы жаңы келген.
Согончогуң уюган кызыл алтын,
Жез түркүксүң, бутактап көз тиреген.
Өмүр жолун бир бастык, эгиз жандай,
Өстү балдар бой керип, жанып шамдай.
Өкөөбүзгө ынтымак-ырашкерлик,
Өмүр бою энчилеп берди Кудай.
Өнүгүп гүлдөп өсүп эли-журтуң,
Өлкөбүз ордун тапса – бакыт-таалай.
Өр таянып өткөрдүң алты онду,
Өзүң бастың өрнөктүү алтын жолду.
Өкөөбүз кол кармашып, уул-кыз таап,
Өргөөбүз шаңга толуп базар болду.
Өзгөчө тилек кылам, кол куушуруп,
Өткөрсөк алтын тойду, каухар тойду.
Чыгыпсың алтымышка, Кудай берсе,
Чынында жашоо деген кыйын нерсе.
Чырпыктай бала кезде кошулганбыз,
Чырайың кызыл гүлдөй сулуу кезде.
Чынардай бала-чакаң бутак жайып,
Чык эми чыйрак бойдон жетимишке!
Серпилип айткан жоксуң бир каяша,
Сен дешпестен жашадык ынтымакта.
Сегиз кылып төртүмдү эки эселеп,
Сергек болуп жашадың бул турмушта,
Сейрек экен жашоодо чын сүйүшкөн,
Сексениңде балкыйлы махабатка!
Тобо кылып толгоном, алты онуңда,
Тогоолоп тагдыр бизди кошконуна.
Толгон-токой, сан жолду басып өттүк,
Токтобой бул жашоонун тоскоолуна.
Толкундап эки жүрөк бирге согуп,
Торсолоңдоп бир жүрсөк токсонуңда.
Жүрдүк бирге, ыр жаздым күйүп-жанып,
Жүрөгүмө махабат отун жагып.
Жүкүнүмө бир кошкон Жаратканга,
Жүрөмүн мен түбөлүк канааттанып.
Жүздөн ашсаң өмүрдү Кудай берип,
Жүрсөм ээ сени менен жүзүм жарык!
Жүкүнүм! Сени менен жашоом жарык!
Кипр, 16.07.2009
Борбук Шабданыма
Байма-бай тилечимин бала кезде,
Бак-таалай, узак өмүр, бала берсе.
Балдарым болушса деп акыл эстүү,
Балбылдап жашоо оту жана берсе.
Алган жарым акылдуу, сулуу болсо,
Алла берип башыма бакыт консо.
Ошондо тилегеним Кудай берди,
Ойлогон жарды таптым, кымча белдүү.
Оюма туура жерден куда күтүп,
Орошон жакшы турмуш улай келди.
Ойноду төрүбүздө неберелер,
Орундуу келин, күйөө чубай келди.

Андагы тилегеним берди Кудай,
Ай чырайлуу асыл жар, бели кындай.
Ак уул, кызыл кыз тууп, тарбиялап,
Ар убак эмгектенген жаны тынбай.
Агайын, дос-тамырга кадырлаштык,
Абийирдүү куда-сөөккө кошту Кудай.
Кызык экен бул жашоо чындап келсе,
Куда болдум окуучум Аалыбекке.
Кызыктырып билимге таалим бергем,
Кызыл жалын, кылычтай өткүр кезде.
Кудай кошту уулумду курдашына,
Куп келишкен жар болду Дөөлөтбекке.
Терметтик ак бешикти жыл айланбай,
Тилегин ата-эненнин берди Кудай.
Теңирим бекем кылып бешик боосун,
Тентектенип эркелеп турса кандай!
Тегин тартып борбойгон неберемди,
Текши жыттайм, жытына алымсынбай.
Кыргызыма кызматы сиңген абдан,
Кыйын киши болуптур баатыр Шабдан.
Кең пейилдик, калыстык, жөнөкөйлүк,
Кеменгердик, ак ниет, берешендик,
Кемибей бир башына баары баткан.
Келбети, сын-сыпаты кемчиликсиз,
Керт башына карабай элин баккан.
Кемелине келгенде Борбук уулум,
Кенен болсо Шабданды жазбай тарткан.
Келечегин ойлонуп атын койдук,
Керилген жигит болсун элге жаккан!
Кипр, 23.07.2009
Сүйөк суусуна

Чаңкасаң чөлдө суу таппай,
Көзүңдөн учаар кудугуң.
Эсимден кетпей эңсеткен,
Сүйөгүм дайра тунугум.
Сүйөмүн сени унутпай,
Сүйгөндөй тууган-уругун.
Ат-маты менен агыздың,
Ажырап калгам атаман.
Көзүмдөн жашым тамыздым,
Өтсө да мезгил арадан.
Кечиргем ошол кылыгың,
Кеткендер келбес кайрадан.
Көтөрүп талдан укурук,
Көп жолу сени бойлогом.
Көйнөгүм чечип жылаңач,
Көпөлөк кууп ойногом.
Секирип ойноп жээгиңде,
Серпкемин далай балыгың.
Селкинчек тепкен кечинде,
Селкинин көргөм аныгын.
Жадымда турат апакем,
Жаркылдап жасап жумушун,
Жайлоонун гүлүн терчи элем,
Жаштыгым өттү..., курусун.
Алыстан келет, түшүмдө,
Атакем атчан бастырып,
Ажайып өткөн жээгиңде,
Айланбайт кайран жашчылык.
Бишкекке келсем ичемин,
Сары-өзөн суусун ойлонбой,
Керемет даамың таңдайда,
Бал-шекер салып койгондой.
Уктасам көрөм түшүмдө,
Жээгиңде жүрөм сабылып.
Канча ичсем канбайт суусунум,
Ойгонсом калам сагынып.
Суусасаң чөлдө акактап,
Суу үчүн жаның бересиң.
Сүрөтүң кетпей эсимден,
Сүйөгүм сүйкүм элесиң.
Сүйөмүн сени унутпай,
Сүйгөндөй бала энесин
2000-жыл, жай мезгили