пятница, 12 июня 2015 г.

Электрондук интерактив доска


1.      Интерактивдик доска деген эмне?

Интерактивдик доска (Interactive whiteboard), дегенибиз, курамына компьютер жана проектор дагы кирген системанын бөлүгу катары иштөөчү чоң сенсордук экран болуп эсептелет. Проектордун жардамында компьютердин жумуш столунун көрүнүшү интерактивдик доскага чагылдырылат. Бул учурда доска экран катары кызмат кылат. Доскага чагылдырылган сүрөттөлүшкө озгөртүүлөрдү киргизип, аны менен иштесе болот. Бардык озгөртүүлөрдү компьютердеги тиешелүү файлдарга жазып коюп, бул файлдар менен андан ары иштесе болот. Бул учурда электрондук доска информация киргизүүчү түзүлүш катары иштейт.
Досканын кандай технология боюнча жасалганына жараша, доскада атайын стилустун жардамында же колдун сөөмөйүнүн жардамында иштөөгө мүмкүн. Доска менен компьютердин байланышы эки тараптуу болот, ал эми сөөмөй же калем (стилус, карандаш) интерактивдик доскада манипулятор (мышь) катары иштейт.
Интерактивдик доска сабакты кызыктуу жана корсөтмөлүү кылат. Интерактивдик досканын жардамында мугалим интерактивдик материалдарды анын бетинде көрсөтө алат, сабактарын өз алдынча иштеп чыгып, окуучуларды доска менен активдүү ишке тартат, натыйжада сабак кызыктуу жана интенсивдүү өтөт. Электрондук досканы дайыма пайдалануу окуу убактысын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Конспект жазуу зарыл болбой калат. Анткени, доскадагынын баарын файлга сактап туруп, аны окуучуларга электрондук вариантта таратып берсе болот. Интерактивдик доскалардын программалык жабдылышы мугалимге уникалдуу, автордук методикалык материалдарды түзүүгө мүмкүндүк берет, анын жардамында окуучулардын окуу процессине активдүү тартылышын жана жаңы информациянын аң-сезимдүү жана тез өздөштүрүлүшун камсыз кылуу мүмкун.
Азыркы учурда интерактивдик доскалар мектепте сабакка компьютердик колдоо көрсөтүү үчүн ар кандай максаттарда активдүү колдонулуп жатат.
Интерактивдик доска менен иштегенде проекторду документ-камера менен алмаштырууга мүмкүн, ал болсо окуу процессин мындан да кызык жана көп кырдуу болушуна жардам берет.

2.      Электрондук интерактив доскалардын түрлөрү

Интерактивдик доскалар тике жана терс проекциялуу болушат жана проектордун орнотулушуна жараша бөлүнүшөт. Тике проекциялуу досканын проектору досканын алдында, ал эми терс проекциялуунуку – досканын артында жайгашат.
Интерактивдиук доскалардын көпчүлүгү  – тике проекциялуу доскалар болушат. Проектордун нуру ишке тоскоол болбосун үчүн доска менен иштегенде анын үстүнө бекитилип коюлуучу ультракыскафокустуу проекторду  пайдалануу сунуш кылынат.
Интерактивдик электрондук доскалар активдүү жана пассивдүү болуп да бөлүнүшөт.
Активдүү электрондук досканы ток булагына жана компьютерге электр шнуру аркылуу туташтырабыз. Пассивдүү электрондук досканын бетинде эч канда датчиктер болбойт жана аны эчтекеге туташтыруу талап кылынбайт, эч кандай шнурдун кереги жок. Мындай досканы бир класстан экинчисине жөн эле алпарып коюуга болот. 
Интерактивдик доска менен иштөө методу анын кандай технология боюнча жасалганына жараша болот. Төмөнкүдөй технологиялар пайдаланылышы мүмкүн:

  • Электромагниттик технология (активдүү);
  • Аналогдук-резистивдик технология (активдүү);
  • Ультраүн технологиясы (пассивдүү);
  • Инфракызыл технология (пассивдүү);
  • Микрочекит технологиясы (пассивдүү);
  • Лазердик технология (пассивдүү);
  • Оптикалык технология (пассивдүү);
Электромагниттик жана резистивдик технологиялар боюнча жасалган доскалар ток булагына жана компьютерге электр шнуру аркылуу туташтырылат.
Электромагниттик жана лазердик технологиялар боюнча жасалган доскаларда атайын  электрондук маркерлер менен гана иштөөгө болот.  Резистивдик, ультраүн жана инфракызыл технологиялар  боюнча жасалган доскаларда атайын маркерлер менен да, сөөмөй же карандаш менен да иштешке мүмкүн. 
Микроточекит технологиясы боюнча жасалган доскаларды  ток булагына жана компьютерге туташтыруунун кереги жок.  Мындай доскада иштөөнүн жумушчу аспабы болуп стилус  кызмат кылат; ага байланышты камсыз кылуучу Bluetooth орнотулган. Керектүү маалыматтар стилустун кыймылына жараша  компьютерге берилип турат.
Азыркы сабакта мугалим интерактивдүү досканы бир нече режимде пайдалана алат.

3.      Сабак режими

Сабак режими Interwrite Workspace каражатынын жумуш мейкиндигинде иштөөнүн негизги режими болуп эсептелет. Бул режимде иштегенде Interwrite Board  доскасы, Interwrite Pad  блокноту, Interwrite Panel панели пайдаланылат.  Бул досканы, блокнотту жана панелди пайдаланып иштеген кезде компьютер менен байланыш ишке ашат. Иш учурунда бардык информация  Interwrite Board  доскасында же пайдаланылып жаткан демонстрациялоочу башка тегиздикте чагылдырылат.
Сабак режиминде иштеш үчүн төмөнкү жабдуулар болушу керек: Interwrite түзүлүшү (Interwrite Board доскасы, Interwrite Pad блокноту же  Interwrite Panel панели), демонстрациялоочу тегиздик (эгер Interwrite Board доскасы колдонулбаса), видеопроектор жана компьютер. Компьютерде Interwrite Workspace  каражатынын программалык жабдылышы орнотулган болушу зарыл.

4.      Эскертүүлөр режими жана манипулятор (мышка же жөргөмүш) режими

Сабак режиминде эскертүүлөр режими жана манипулятор режими деген эки функциялык режим бар.
Бул эки режимде иштөө тууралуу төмөнкү таблица менен таанышкыла.
Workspace тин жумуш мейкиндигинин режимдери экөө: 1) Манипулятор режими, 2) Эскертүүлөр режими.
Манипулятор режиминде тиркемелерди демейдегидей эле тандагыла жана иштеткиле, компьютердин манипуляторун жана клавиатурасын колдонгондо керектеле турган бардык  функциялардыпайдалангыла.
Аспаптар текчесинде  «Манипулятор режими” көрсөткүчү бул режим учурунда боз түстө болот.
Эскертүүлөр режимин пайдаланып баракта жазгыла жана сүрөт тарткыла. «Барактын аспаптарынын» жардамы менен барактарды кошумчалоого болот, ал эми «Мультимедиа аспаптары» болсо презентация файлынын барагына ар түрдүү мультимедиялык файлдарды кошумчалоого жардам берет.

5. Office режими

Office режими Microsoftтун PowerPoint, Word жана Excelпрограммалары менен түздөн-түз иштөөгө мүмкүндүк берет. Office режими слайдга, документке же электрондук таблицага аннотацияларды кыстарууга мүмкүндүк берет. Аннотациялар жумуш мейкиндигинин файлында барак катары сакталбастан, тиркеменин баштапкы файлынын курамына кирип калышат. Office режими аспаптар текчесиндетандалып алынат. Учурдагы операция үчүн алынбай турган аспаптар боз түстө көрсөтүлөт.
«Office режими», «Сабак режими» жана «Жумуш столундагы эскертүүлөр режими» режимдерин которуу үчүн тиешелүү значокту басуу керек.

6.1.Office режиминин функциялары

Төмөнкү таблицада Office  режиминин функциялары баяндалат.
Кнопка
Аты
Пайдалануу
Меню
Office режим менюсуна чыгарат.
Манипулятор
Манипуляторду активдештирет.
Сабак режими
Сабак режими аспаптар текчесин ачат.
Жумуш столундагы эскертүүлөр
«Жумуш столундагы эскертүүлөр» ачылат.
Office режими
Office режимин кошот жана режимдин аспаптарын көрсөтөт.
Калем
Microsoft программасынын файлынын барагында жазгыла жана сүрөт тарткыла. Тууралоо параметрлери “Аспапты тууралоо” параметринин  аспаптар текчесинде жайгашкан. Жебеси төмөн караган кнопканы басып аларга киребиз.
Маркер
Барактагы каалаган элементти тандоо. Жебеси төмөн караган кнопканы басып,  “Аспапты тууралоо” параметринин  аспаптар текчесинде жайгашкан тууралоо параметрлерин көрсөтөбүз.
Ластик
Комментарийлерди өчүрүү.
Текст киргизүү
Экран клавиатурасын ачуу жана тексткиргизүү. Компьютер клавиатурасын пайдаланса да болот.
Штамп
Баракка штамптарды киргизүү.
Тандалган элемент
Слайдда, документте же электрондук таблицада объектилерди же элементтерди тандоо, аларды жылдыруу, тегеретүү же өлчөмдөрүн өзгөртүү. Ошондой эле, комментарий тандап, аны слайдда, документте же электрондук таблицада сактап коюу үчүн пайдаланылат.
Артка
PowerPoint слайддарын көргөзгөндө мурдагы слайдга өтүү, же Word документинде мурдагы баракка өтүү. Эгер «Запрашивать при возможной потере данных» параметри тандалса, анда «Переместить на предыдущую страницу» командасын аткаруунун алдында Microsoft тиркемесинин файлында эскертүүнү сактап коюу тууралуу өтүнүч пайда болот.
Алга
PowerPoint слайддарын көргөзгөндө кийинки слайдга өтүү, же  Word документинде кийинки баракка өтүү. Эгер «Запрашивать при возможной потере данных» параметри тандалса, анда «Переместить на следующую страницу» командасын аткаруунун алдында Microsoft тиркемесинин файлында эскертүүнү сактап коюу тууралуу өтүнүч пайда болот.
     
Office аспаптары
Microsoft Office тиркемелерин иштетүү.
Комментарий кыстаруу
PowerPoint слайдына,  Word барагына же Excel таблицасына керектүү комментарийлерди кыстаруу.
Тандалган коммента-рийлерди кыстаруу
PowerPoint слайдына,  Word барагына же  Excel таблицасына тандалган комментарийлерди кыстаруу.
Куру слайд кыстаруу
Көрсөтүлүп жаткан PowerPoint слайддарына куру слайд кошумчалоо. Бул аспап PowerPoint слайд-шоусу көрсөтүлүп жатканда гана иштейт.
PowerPointко слайд кыстаруу
PowerPoint презентациясы ачык турган кезде  экран, эскертүүлөрү бар слайд түрүндө сакталат. Слайд PowerPoint файлынын аягына кошумчаланат.
Өчүрүү
Экрандагы бардык комментарийлерди өчүрүү.
Тандалганды өчүрүү
Тандалган комментарийлердиөчүрүү.
 Суроо кыстаруу
Student Response системасын пайдаланган кезде суроо кошумчалоо.
Чыгуу
Office режиминен чыгып кетүү.

6.2.Көп кардар режими функциясы

"Көп кардар (многопользовательский) режими" функциясы Interwrite программаларында эки же андан көп кардардын бирге иштешине шарт түзөт. Interwrite Dual Board технологиясы эки адам бир доскада чогуу жазышына мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Кроме того, Interwrite Mobis менен Interwrite Pads тардын бир нече түзүлүштөрүн доскада чогуу иштөөгө тууралап койсо болот.Бул функциянын Interwrite Pads менен терс байланыщы бар.

6.3.Workspace тин жумуш мейкиндигинде көп кардар режиминин функциясын тууралоо

“Annotation” комментарийлертерезесинде туруп, оңдогу төмөнкү бурчтагы многопользовательский режим значогун басып койгула. 


Настройка многопользовательского режиматерезеси пайда болот.

  1. Эгер пайдаланыла турган түзүлуштөр кошула элек болсо, анда аларды эми кошсо болот. 9 га чейин түзүлүш кошууга мүмкүн. 
Башкы аспаптар текчесин жана башка түзүлүштөрдү башкарууга керектүү (tablet) планшетин кошпогула. Эгер аны кошуп койсоңор, анда көп кардарлык түзүлүштөрду компьютерден же манипулятордун жардамында гана башкарып каласыз. 
Кошулган түзүлүштөр Available Devices Area (Область доступных устройств) терезесинде чагылдырылат.
  1. Көп кардарлык барагынын керектүү параметрлерин тандагыла.Жумуш мейкиндиги чогуу(совместная)же өзүнчө(определенная) пайдаланыларын тактагыла. 
 Толук информация алыш үчүн бул бөлүмгө баргыла: Совместная или определенная.
Көп кардарлык областында тандалган торчо пайда болот.
Керектүү түзүлүштү тандагыла жана аны талап кылынган зонага сүйрөп келгиле. Кардарларды жана бүткүл областты башкаруу үчүн бир түзүлүштү зонанын сыртында калтыргыла. 

6.4.Функциялардын параметрлерин тандоо

Interwriteжумуш мейкиндигинин функцияларын аныктаганда функциялардын параметрлерин пайдалангыла
6.5.Кардар тандоочу папкалар
Interwriteжумуш мейкиндигин койгондон кийин My Documents/InterWrite папкасында кардар тандоочу 5 папка түзүлөт.Бул папкаларда GWB сүрөттөлүш файлдары, презентациялардын экспорттолгон файлдары, галерея үчүн сүрөттөлүштөр, Матрица аспабы жана AVI файлдары менен кошо пайдаланылуучу графиктер сакталат.
  • Кардардын сүрөттөлүштөр папкасында сакталуучу сүрөттөрдү Галерея аспаптары менен ачылуучу Менин галереям папкасынан көрсөңөр болот. Ошондой эле, буларды “Сүрөттөлүш барагын түзгүлө (Создать страницу изображения)” аспабы менен сүрөттөлүш барагынын фону кылып пайдаланса, же  “Медиа кыстаргыла (Вставить медиа)” аспабынын жардамында “Эскертүүлөр” барагынын терезесине койсо болот
  • Кардар сунуш кылган мөөрлөр (печати) Печать (мөөр) аспабы үчүн касиеттердин текчесине чыгарылат. Сүрөттөлүштөр дагы, мөөрлөр дагы BMP, GIF, JPEG, TIFF или PNG форматында болушу керек.
  • Запись и воспроизведение (Жаздыруу жана ойнотуу) аспабын тандап алып, анан видеоойноткучту иштеткен учурда, кардардын папкасында сакталып туруучу каалаган AVI жазылышын ойнотуп угууга болот.
  • Папканын ордун өзгөртүш үчүн, аны Кардар тандоочу папкалар тизмесинен тандап алып, анан Обзор кнопкасын басып, бул папканы жаңы орунга койсоңор болот.

6.6.Башкаруу функциялары

Эгер силер InterwriteBoard доскасында InterwriteMarkerPenэлектрондук маркерин пайдаланып жатсаңар жана жумуш мейкиндигинде маркерлердин алмашуу учуру автоматтык түрдө аныкталсын десеңер, анда желекчени ошол ячейкага коюп койгула.Бул параметртандалган кезде сүрөттөлүштөгү виртуалдык сыянын өңү пайдаланылып жаткан маркердин шакекчелеринин өңүндөй болоуп калат.

7.      Эскертүүлөр терезесинин параметрлери

Эскертүүлөр терезеси демейде бүткүл экранга ачылат. Эгер эскертүүлөр терезесинин өлчөмдөрүн өзгөртүп жана терезени барактап тургуңар келсе, анда желекчени Разрешать изменение размера окна ячейкасына койгула..
Чоң кнопкалардынаспаптар текчеси демейде иштебейт жана эскертүүлөр терезесинде көрсөтүлбөйт. Эгер бул текче эскертүүлөр режими иштеп жатканда терезенин солдогу төмөнкү бурчунда турсун десеңер, анда Показывать панель инструментов больших кнопокжелекчесин коюп койгула.

7.1.Курсордун багыты

Демейде калем үчүн сологойлор үчүн параметри коюлган болот. Кайсы багыт ыңгайлуу экенин өзүңөр тандагыла.
Эгер презентация учурунда бир нече InterwritePad блокноту пайдаланылса, анда азыр кайсы блокнот керектелип жаткандыгын аныктоо үчүн Отображение кода планшета на курсоре желекчесинкоюп койгула.
Кийинки макалабызда Interwrite менен өтүлүүчү сабактар тууралуу кеп кылабыз.

Пайдаланылган ресурстар:


3 комментария: