понедельник, 29 апреля 2019 г.

Онкология ооруларына чалдыккан балдарга, ата-энелерине арнап кызым Салтанаттын суроосу боюнча ушул китепти котордум эле. Бирөөлөргө кереги тийсе абдан кубанычта болом!

Анастасия Руднева
ЧЕТИН
Москва, 2017
УДК 616-006.6 ББК 54.1 Р833
Сайт серии «Книга в помощь» www.onkobook.ru Группа в Фейсбуке www.facebook.com/groups/onkobook
Р833
Руднева, А. Е. Чудик / А. Е. Руднева. — Москва, 2017. — 72 с.
ISBN 978-5-9906158-1-6
«Четин» — баланын онкологиялык оорусуна дуушар болгондорго арналган повесть. Повестте кичинекей Четин, коркунучтуу шишиктен кантип дарыланганы айтылат. Автор — онкогематологиялык бөлүмдүн врачы — баланы дарылоонун жүрүшүн ата-энеге жана балага түшүнүктүү адамгерчилик тили менен баяндоого аракет жасаган.
УДК 616-006.6 ББК 54.1
© Бардык укуктар корголгон. Бул китепти материалдарын толук же бөлүгүн пайдалануу- чыгарма ээлеринин уруксаты аркылуу аларга шилтеме жасоо менен ишке ашырылат. Китеп онкологиялык клиникалардын жана бөлүмдөрүнүн пациенттери, үй-бүлө мүчөлөрү арасында жана агартуу максаттарына арналган. Бул китепти толук бойдон же бир бөлүгүн, жана анын материалдарын коммерциялык максаттарда пайдаланууга тыюу салынат.
© Текст А. Руднева © Иллюстрации Е. Поповская
Информационное сопровождение
ISBN 978-5-9906158-1-6
МАЗМУНУ
1. Четин ооруп калды……………………………………………………………………………4
2. Четин анализди кантип алышты............................................................................................. 6
3. Четиндин ичин кантип көрүштү же компьютердик томографияны кантип жасашты……………………………………………………………………………. ................ 9 4. Башкы ооруканада…………………………………. ............................................................11 5. Эми алар кандай жашап калышты………………... .......................................................... 14 6. Четиндин тарыхы………………………………. ................................................................ 15 7. Четин кандай бала………………………………... ............................................................ 16 8. Шишик кайдан чыгат жана аны эмне кылса болот……...………………….. ................. 20 9. Четинге кантип операция жасалды……………………….................................................21 10. Четин реанимацияда………………………. ................................................................... 24 11. Биопсиянын жыйынтыгын күтүү……………………………. ......................................27 12. Четиндин оорусу кайсы? Аны эми кантип дарылашат? …………............................... 29 13. Четинге эмне кылуу мүмкүн, эмне кылууга болбойт  ................................................. 32 14. Биринчи блок ……………………………....................................................................... 33 15. Четиндин чачы кантип түшө баштады ………………………….................................... 36 16. Четин кантип «аплазияда» болду …………………….................................................. 38 17. Четиндин апасы тууралуу ……………………................................................................ 42 18. Чоң кошуна ………………………………...................................................................... 43 19. Экинчи блок ……………………………......................................................................... 45 20. Кика .................................................................................................................................. 48 21. Четин кантип чүчпара жеди ………………………….........................................................51 22. Шишик кантип жоголду ………………………............................................................. 54 23. Четинди кантип нурдантышты …………….…………….............................................. 56 24. Дарыгердин Туулган Күнү …………………………...................................................... 58 25. Алар кантип үйгө кетишти ………………………..........................................................61 26. Четиндин контролдук текшерүүгө келгени  ……......………………..………………….. 66
6
Четин ооруп калды
Алыскы бир өлкөдө, Эски шаарда Четин деген бала жашаптыр. Четин өзү тамак жебеген, санаганды билген, сүрөт тарта алган, “мен кичине баламынды” ырдай алган, колу-буту, башы-көзү бар, кадимкидей эле бала экен.
Четин деген атты ага апасы эмнеге койгонун башкалар унутуп деле калышты. Кебетеси, балага бардык нерсе жандуудай, башкачадай көрүнгөнүнөн улам болсо керек. Бала апасынан дарактар кантип сүйлөшөт, баары уктаганда саат убакытты көрсөткөндү унутуп калбайбы деп ар нерсени сурай бергенде апасы аны ушинтип атап  коюптур.
Бир күнү кечинде Четиндин оң кулагы ооруп калды. Апасы кулагын сылап койсо жакшы болуп кетти.
Бирок кийинки күнү кулагы кайра ооруду. Ага кошулуп, кулагында бирдеме тырсылдап калды. Четин башын чайкап тынчы кете баштады, бирок, тырсылдак жоголбой койду.
Четин кулагын чукулап тынчы кеткенин көргөн апасы аны поликлиникага алып барды.
Поликлиникада дарыгерлер көп экен. Дубалда узун тизме илинип туруптур. Апасы адегенде шашып калып, анан тизмеден «ЛОР» деген кызык аты бар дарыгерди таап алды. Бул дарыгер кулактын (керек болсо, мурундун жана ооздун) ичин карап көрөт экен.
ЛОР-врачтын кабинети үчүнчү кабатта болуп чыкты. Четин апасы экөөлөп врачтын аты Макиш Секиновна экенин окушту. Кабинеттин жанында кулагы шарф менен бекем оролгон дагы бир бала энеси менен отуруптур.Четиндин “эми менин кулагымды да ороп салышса эчтеме укпай каламго” деп тынчы кетти.
Тиги баланы врачка киргизип кетишти. Каалганын ары жагында эмне болгонун Четин кулагындагы тырсылдактан улам биле алган жок.
Тиги бала кабинеттен  шарфы жок чыкты. Кабинеттен: «Кийинки!» деп кыйкырышты. Кийинкиси Четин болчу,  ошентип алар апасы экөө кабинетке киришти. Макиш Секиновна ордунда отуруптур, столунда жаркыраган чырак, чекесинде тешик күзгүсү бар экен.
Апасы дарыгерге Четин эмне болгонун айтып берди. Макиш Секиновна жылмайып туруп күзгүсүн түшүрүп койсо, бир көзү жабылып калды. Анан ал Четиндин тамагын, мурдун, эки кулагын карап көрдү. Дары тамызганга рецепт жазып берип, үч күндөн кийин келгиле деди.
Тамызуу анча жардам берген жок. Кулактын ооруганы азайды, бирок таптакыр укпай калды. Коңуз тырмалагансып, тырсылдак кетпей койду.
Үч күндөн кийин алар кайра эртелеп Макиш Секиновнага барышты. Ал кайра Четиндин кулагын карап олуттуу боло түштү. Четинге оозду ачырган жалпак таякчаны белек кылып, анан апасы менен көпкө сүйлөштү, телефон чалды.
Алар кабинеттен чыккандан кийин Четин:
— Эжеке эмне деди? Менин кулагымда коңуз бар бекен?  — деп сурады.
— Ооруканада иштеген башка бир дарыгерге сенин кулагыңды көргөзгүлө деди.
— Мен эми ооруканага жатамбы? — Четин коркуп кетти. — Жоок, кулагыңды кайра көрүшөтко, анан үйгө эле кетебиз. Так айта албайм. Балким, дагы анализ тапшырабыз, Эмне кылаарыбызды айтышатко. Көрөбүз.
Кийинки күнү апасы Четинди ооруканага алып барды.
7
8
Четинден анализди кантип алышты
Четин өзү чоң же али кичине экенин даана билчү эмес. Жарыкты өзү өчүрө алганы чоң кишиникиндей. Апасы ылдам басканда жетпей калганына караганда - али кичинекей.
Бирок бул Четинди кызыктырган жок. Апасы экөө оорукананын коридорунда отургучта отурушту. Апасы Четиндин сүрөттүү китебин Коймогойго (бул үйдөгү ала кетчү нерсе коюла турган орун) унутуп келгендиктен, бала абдан зерикти. Бүгүн кулактагы тырсылдак азыраак болучу. Кебетеси, коңуз уктап калган сыяктуу.
Апасы аларды бирөө күтүп атканын айткан. Бир дарыгер апасынан бирдеме сурап, анан кайра кеткен. Ал ошондон бери бешинчи жолу жандап өттү. Мурда апасы Четинди конок же дүкөн сыяктуу нормалдуу жерлерге ээрчитип барчу. Эми болсо бул жерге келишти, апасы мында эмне кыларын билбей отурат.
— Апа, үйгө кетеличи! — деди Четин. — Болбойт. Бизди али коё берише элек. Четин таң калып, апасын бир тегеренип карап чыкты. Апасын эч ким кармап турбаптыр.
— Биз дарыгерге сенин кулагыңды көрсөткөнү келбедикпи. Ошону күтүп атабыз, — деди апасы.
Анан дарыгер аларды чакырды. Апасы Четинди колдон алып жетелеп, дарыгердин артынан жөнөштү.
— Биз каякка? — деп сурады Четин. Ал коркуп кетти. — Билбейм, — деди апасы.
Дарыгер аларды жарык чырактары бар чоң бөлмөгө алып келди. Ал чоң столго отуруп, Четинге колуңду бер деди.
Э, иш чатак! Ага азыр ийне сая турган окшоп калды! Көп мурда, бир жолу ошондой болгон. Апасы болсо, ошолор тарап болгон сыяктанат!
— Апа! Мен каалабайм. Оорутат!
Андан ары (Четиндин эсинде) — жок, такыр оорубайт, ыйлаба, колуңду эле бер - дей башташат... Бирок бул дарыгер:
— Ооба, бир аз ооруйт. Кааласаң, кыйкыра бер. Тилденсең да болот. Бирок, колуңду кыймылдатпай тур - деди.
— Мен кыйкырам!
Дарыгер каршы болгон жок. Апасы да дарыгерге кошулду. Четиндин апасына жини    келди.
Дарыгер аңгыча бир тунук суюктугу бар эки шприц, салфеткаларды жана кызыктай бир канаты бар ийнени даярдап коюптур.
— Корксоң караба, — деди дарыгер.
Карабай кантип коймок эле! Ал кызык бирдеме кылып атса, Четин көрбөй калсынбы!
Адегенде дарыгер Четиндин колуна жыйрылып-чоюлган бир боо такты. Мындай боону “сыйыртмак” дейт экен. Дарыгер сыйыртмакты бекем тартты, ошондо Четиндин колунан көгүш түтүкчөлөр - веналар - көрүнүп калды. Дарыгер көпкө байкап туруп, анан бир венаның үстүңкү терисин спирти бар кебез менен сүртүп туруп, колуна ийнени алды.
9
10
Албетте, бир аз ооруду. Бирок, кыйкырыштын деле кереги болбой калды. Анын үстүнө, дарыгер кызыктай нерсени кылды: ийнени тереңиреек сайып туруп кайра сууруп алса, канатчалар Четиндин колунда калды.  Дарыгер манжасын канаттардын жанына басып туруп, аларды пластырь менен жабыштырды.
— Көрдүңбу, ийнени сууруп алдым. Сенин колуңда канаттуу түтүкчөлөр калды. Бул түтүктү “катетер” дейбиз. Анын бүгүн сага кереги тийет.
Анан дарыгер түркүн түстүү капкактуу пробиркаларды алып, бирин - бир  колу менен - ачты. Анан түтүкчөнүн астына тоссо, кан түз эле пробиркага куюлду. Ошентип ал бир нече пробирканы канга толтурду.
Мындан кийин дарыгер шприцтердеги тунук суюктукту түз эле венага куйду. Четин колуна муздактык жүгүрүп жаткандай сезилди.
— Муну катетерде кан уюп калбасын үчүн куйдук, — деди дарыгер.
Анан ал түтүкчөнүн капкагын жаап туруп, Четиндин колун бинттеп койду.
— Сен азырынча катетер менен жүрө тур. Аны кийин алып таштайбыз. Сен ыйлабаган азамат турбайсыңбы! Эми коридордо отура тур.
Дарыгер да кызык, Четин жини аябай келгендиктен жана ага кызыктуу болгондуктан ыйлаган жок. Коридорго чыккандан кийин Четин апасына таарынганын эстеп, аны менен туура кырк үч мунөт сүйлөшпөй койду.
Четиндин ичин кантип көрүштү же компьютердик томографияны кантип жасашты
Четин апасы экөө бүткүл эрте менен ар кайсы кабинеттерди кыдырып жүрүштү. Дарыгерлер күзгү менен бир көзүн жаап алышып, Четиндин кулагын карашып баштарын чайкап атышты. Оорутушкан жок, бирок жадатышты. Коңуз дагы ойгондубу, кулакты тырсылдата баштады.
Бир дарыгер аларды кызыктай чоң бөлмөгө алып келди. Анда көчөгө эмес, жанаша бөлмөгө чыккан бир терезе бардай көрүнү. Бөлмөнүн ортосунда узун стол бар экен, анын бир жагынын үстүндө тегерек тешик асылып туруптур. Мунун кебетеси кир жуугуч машинага бир аз окшош экен. Тешиктин ичинде кызыл жарыктар жымыңдашат.
Бул аппаратты «компьютердик томограф» деп, ал эми изилдөөнү — «компьютердик томография», же КТ дешет экен. Эгер дарыгер  пациентинин ичин көргүсү келсе, анда КТ апараты ошого жардам берет. Томограф ички органдардын сүрөтүн тартып, аны компьютердин экранына чыгарат. Эгер бирдемеден күмөнү болсо, дарыгер аны дароо байкайт. Эгер керек болсо, сүрөттү чыгартып алышка же компьютердик дискке жазып коюп, анан каалаган убакта карап көрсө болот.
Четинге так ушундай изилдөө жүргүзүш керек болду. Сүрөттөлүштү экрандан даана көрүш үчүн канга өзгөчө контрасттык затты куюп койсо, күнөмдүү жерлер даана көрүнүп калат.
Дарыгер жанаша бөлмөдөгү лаборант аялды чакырып алды. Лаборант бул жердеги башкы адис. Ал аппаратты иштетет же өчүрөт, тууралайт ж.б. жумуштарды жасап, баарын жөнгө салып турат. Канга контраст затты да лаборант куят.
Лаборант эже Четинди четтеги кичине столикке жаткызып, шприцти колуна алганда ал -  — Апа! Мага бүгүн ийне сайышпады беле!
11
12
— Демек, дагы бир жолу, — кайгылуу айтты апасы. — Сайбайбыз! — деди лаборант эже. — Сенде катетер бар да! Мен ошондон эле контрасттык затты куюп коём.
Лаборант эже Четиндин салмагын сурап алып, бирдемени ичинен эсептеди да, анан шприцке чоң айнек ампуладан тунук затты сордуруп алды. Анан Четиндин колундагы бинтти жандырды, катетерди ачып, ага шприцтеги тунук заттын баарын куйду.
Канына куюлган контрасттык зат толук таралып, Четиндин ичиндеги туура эмес нерселерди көрсөткөнчө тынч жата турушун өтүнүштү.
Бир нече мүнөттөн соң лаборант эже Четинди узун столго алып келип, бир кнопканы басып койсо, стол жапыз болуп калды.
— Буга жат, — деди эжеке. — Столдо ойнотом. — А апамчы? — Апаң жаныбызда болот. Четин столго жатты, анан стол кайра бир аз жогору көтөрүлдү. Четин апасынын колун бекем кармап алган. Лаборант эже аны кулактуу жаздыкка жаткыргандан кийин Четин башын кыймылдата албай калды.
— Апаңдын колун кармап ал. Мен азыр кетем. Стол жүрө баштайт, а сен болсо коркпой, кыймылдабай жата бер. Мен сени терезеден карап турам.
Лаборант эже чыгып кетип, терезеден көрүнүп калды. Четинди үстүндөгү тешик күүлдөп, чырактар жымыңдай башташты.
Четиндин столу бир убакта тешикке кирип кетти. Апасы колун коё бербеш үчүн столго жакындап келди. Тешикте бирдеме айланып атып, анан дабыш чыгарбай тынчып калды. Эжеке кайра бөлмөгө кирди.
— Корктуңбу? — деп сурады ал. Четин башын чайкады. Стол ылдыйлашын күтпөй эле Четин секирип түштү.
Терезенин артындагы бөлмөдө дарыгер Четиндин башы менен кулагынын компьютердик телеграф жиберген сүрөттөрүн компьютеринин экранынан карап көрдү. Дарыгер Четиндин кулагынан туура эмес нерселерди байкады. Дароо эле так жыйынтык айтыш кыйын болгондуктан, экрандагы көрүнүштү дарыгер чоң карала пленкаларга түшүрүп алды.
Кыскасы, Четин Жаңы шаарга бармак болду. Ал жерде, Башкы ооруканада, Четиндин кулагы эмнеге начар угуп, ичинде бирдеме тырсылдап калганын билиш үчүн операция жасамай болушту.
Башкы ооруканада
Күнү бою апасы Четин менен Жаңы шаарга камылга көрүштү.
Четин өз буюмдарын чогултту: пилдери бар пижамасын, канатында жаракасы бар самолетун жана сүрөттүү китебин алды. Ал дагы бирдемесин унутуп калбас үчүн апасынан үйдөгү Коймогойлор кайсы жерде экенин сурагысы келген, бирок апасынын эч колу тийбей койду. Апасы өзү чоң болгону үчүнго, огеле көп буюм чогултту,
Баарын чоң чемоданга батырышты. Сүрөттөр бар пленкаларды түтүкчө кылып, гезитке ороп коюшту. Четинге узун, жеңил жана ыңгайлуу кылыч болуп калды. Бирок апасы аны менен ойнотпой койду.
Поездге отуруп жөнөп кетишти. Чоң энеси Корооз деген көк балыктуу аквариуму менен Эски шаарда калды.
Жол бою Четин терезеден зым карагайларды карап отурду. Карагайлардын ортосунда зым төмөн түшүп, жогору чыгып турат экен. Кээ бир зым карагайлар капталынан жыгылып калыптыр.
13
14
Четин “эгер чоң илмегим болсо, жыгылгандарды илип алып түздөп коймок экемин” , - деп ойлоп койду. Кулагындагы коңуз уктаган окшойт.
Четин апасы экөө вокзалдан түз эле Башкы ооруканага жөнөштү. Ооруканада алар тынч кабылдоо бөлмөсүнө киришти. Аны жөн эле “тынч” дешиптир, ал жерде эч бир тынчтык жок экен. Анда чемодандары, баштыктары жана балдары менен толгон эл бар экен. Кенжелери жүгүрүп же отургучтарда жөргөлөп жүрүштү, чоңураак балдар ойноп атышты. Апасы Четинди отургузуп коюп, билет алмакчы болгонсуп терезечеге кезекке турду.
Алар көпкө күтүштү. Анда-санда каалга ачылып, балдардын бирин апасы жана чемоданы менен чакырып кетип атышты. Акыры каалгага Четинди да чакырышты.
Четиндин температурасын ченешти. Дарыгер кайра анын тамагын жана кулагын көрдү, курсагын ушалады, анан  апасы менен сүйлөштү. Четин аларды уккан жок, анткени коңуз кайра ойгонуп, кулагын тырмалай баштады.
Анан аларды коридорлордо узак жетектеп жүрүштү. Бул оорукана Эски шаардагыдан  кыйла чоң экен. Апасы жолду жакшы карабай эле чемоданды сүйрөп келатты. Акыры алар бир каалганын алдына токтошту.
— Силер ушул жакка, — деди, аларды ээрчиткен медайым. Алар каалгадан киришти.
Каалганын ары жагында дагы үстү жагы айнек, асты күңүрт бир каалга бар экен. Четин бутунун учуна туруп, узун коридорду шыкаалап карады.
Коридор жарык экен. Дубалды бойлото отургучтарда балдар, халатчан апалар жана, ал эмес, бир ата отуруптур. Дарыгерлер жана медайымдар ары-бери басып жүрүштү. Бир дарыгер Четин менен апасын айнектен көрүп, аларга келди. Кечөө ага Эски шаардан чалышып, Четин дарыланганы келерин айтышкан.
— Саламатсызбы, биз жаңы келдик, — деди апасы. — Сен Эски шаардык Четинсиңби? А Сиз - анын апасы болосузбу?— деп сурады Дарыгер. Четин шашып калды, ал үчүн апасы: — Ооба, бул биз, — деди.
Дарыгер чемодан койчу жерди, чечинер жерди көргөздү, кепичтерин кийип, анан жарык коридорго чыгып, ошерде күткүлө деди.
Чудик отургучка отуруп, туш тарабын байкай баштады. Шыпта көп жарык чырактар бар экен. Четин 8ди санагандан кийин кийинкилери жакшы көрүнбөй калды. Кичине-чоң каалгалар дагы көп экен, бирок аларды бирге же ар башка санаш керектигин билбегендиктен, санаган жок. Текчелерде оюнчуктар көп экен, бирок алар башкалардыкы да.
Капыстан бир каалга ачылып, андан бала ээрчиткен бир апа чыкты. Баланын бетинде байланган таңуу бар экен. Башы дагы кичинеби, айтор.
Четин адегенде кандай экенин түшүнө албай турган, анан баланын башы таптакыр жылмакай экенин байкады.
— Апа, анын бети эмнеге таңылган? — Аны маска дейт. Оозуна микробдор кирбесин үчүн тагынат.
— Анын чачы кайда? — Билбейм. — А менин китебим кана? — Чемоданда.
Мына эмесе. Апасы дагы баарын унутуптур.
Ушерден аларды дарыгер таанышууга чакырды. Ал Четинди бийик керебетке отургузуп алып, туш тарабынан карай баштады.
Адегенде кайсы жери ооруй турганын сурады. Четин эч жери оорубай турганын, кулагында коңуз пайда болуп тырмалап, тажатып атканын айтты.
15
16
Анан ал Четиндин мойнун жана колтугун көпкө чейин кытыгылады. Көрсө, ал жерлердеги  бездер, же дарыгерлер айткандай лимфа түйүндөр чоңоюп кеткен-кетпегенин текшериптир. Анан ал көкүрөктү жана арканы тыңшады, Четин болсо аны жакшылап көрүп алды. Дарыгердин муруту бар экен, пижамага окшош, чөнтөктөрү толтура көк костюм кийип алыптыр. Дарыгер бурулганда чөнтөктөрү бурчка урунуп, ичинен кээде бирдеме шыңгырап атты.
Анан ал ал Четиндин ичин ушалап, түтүк менен угуп көрдү. Капыстан эле чөнтөгүнөн чакан фонарик алып чыгып, аны менен Четиндин кулагын жана тамагын карады. Четин тилин жакшылап сунуп берип, ошол эле убакта фонариктен көз айырган жок.
Дарыгер да байкаган экен, бир убакта Четинге сыйкырдуу фонаригин сунду. Четин апасын караса, ал уруксат кылды. Апасы менен дарыгер сүйлөшүп атканда, Четин фонариктин кнопкасын басып өчүрүп-күйгүзду, алаканын жарыктантып, оозуна да салып  көрдү, Бирок, эмне болгонун өзү көрбөйт экен.
Эми алар кандай жашап калышты
Четин апасы экөө “палатада” же “бокста” жашап калышты. Оорукананын бөлмөлөрү ушинтип аталат экен. Четиндин чоң, бийик керебетине өзү, оюнчуктары, эки жаздыгы жана китептери баары батты. Апасына Четиндикинен кичине керебет беришти.
Керебетте кечке жата беришке болот эле. Бирок аларды ары-бери убара кылышты. Бир туруп, Телевизору бар Дарыгерге барышат. Ал врач Четинди тактага жаткырып, курсагын суулап, анан ичин дандайттырып туруп кичине телевизорун карады. Четиндин ичинде эмне бар экенин көрүп атса керек. Тургузгандан кийин Четин экранды өзү да караса, күңүрт эле бирдеме көрүндү. Ошону “УЗИ” деп коёт экен.
Анан башка бир кабинетте Четиндин көкүрөгүнө өткөргүчтөрү бар резина алмуруттарды жабыштырышты, ал өткоргүчтөр киши дем алганда кыймылдап турат экен. Өткөргүчтөр аркылуу жүрөктүн кандай соккону бир кутучага берилет. Алмуруттарды кайра алганда көкүрөктө кызыл тегеректер калды. Баары бүткөндө, кутучадан бетинде толкун сызыктары бар кызгылт кагаз лента чыгат экен. Муну «ЭКГ» деп айтышты.
Анан чекесинде күзгүсү бар ЛОР-врачка да көрүнүштү.
Апасы күнүнө бир нече жолу чоң эне менен телефондон сүйлөшүп атты. Четин эмне тууралуу экенин түшүнгөн жок, апасынын гана “билбейм” деп кайталап атканын укту.
Мындай караганда эч жаман нерсе болгон жок. Бирок, кулагы дагы эле укпай, айрыкча түнүндө ичиндеги коңуз тырмалап жатты. Четин көпкө чейин уктай албай койду, анткени эшиктин артында бирөөлөр бирөөнү чакырып, ары-бери басып жүрүштү.
Четиндин тарыхы
Четин Дарыгерге абдан жагып калыптыр, ошондуктан Ал Четин тууралуу китеп жазмак болду. Китеп “Тарых” деп аталат экен.
Бул китепчеге Дарыгер Четин тууралуу билгендеринин баарын, анын атын, качан туулганын, бою канча экенин жазды. Четиндин апасын да жазып койду.
17
18
Ал Четиндин ооруп калганын дагы жазды. Четин Жаңы шаарга келгиче, аны менен эмне болгону да бүт жазылды.
Дарыгер Четин менен күн сайын адегенде сүйлөшүп, анан өз бөлмөсүнө барып Четиндин эмнеси ооруйт, температурасы кандай, маанай кандай ж.б. баарын жазып жатты.
Бул абдан ыңгайлуу экен. Эгер Дарыгер Четинди телевизорлуу дарыгерге же ЛОР-врачка жибергиси келсе, анда анын колуна китепчени карматат, өзү болсо бөлмөсүндө кала берет. Башка дарыгерлер китепчени окуп чыгышат, анан Четинди караганда эмнени байкаганын Тарыхка жазып коюшат.
Четин китепчени колуна алганда аны абдан сактап жүрдү. Бирок, дарыгердин колу абдан начар болгондуктан, Четин эчтеме окуй албай койду.
Четин кандай бала
Дарыгерлер дарыгердин окуусун окуп жаткан кезде эле алар медициналык көп китептерди окушкан. Ошондуктан Четиндин ичинде эмне болуп атканын билишет.
Бир күнү кечке жуук, Дарыгердин убактысы бар учурда, ал Четиндин апасына баарын айтып берди.
Көрсө, Четиндин ичинде бүтүндөй бир мамлекет бар турбайбы, анда чоң жана кичине шаарлар, суулардын жана каналдардын системасы бар экен да.
Шаарлар деген - жүрөк, өпкө, ичеги-карын, бөйрөктөр жана, алар эле эмес, мээ сыяктуу ар кандай ички органдар экен. Ар бир шаарда көп тургундар жашайт. Бул тургундарды “клеткалар” деп коюшат. Ар бир клетканын өз кесиби бар. Бир кесиптеги клеткалар бир шаарда жашашат.
Дарыялар жана каналдар — булар кан тамырлар. Алар менен шаарларга азык заттар — кычкылтек жана ар кандай курулуш материалдары келип турат. Ушул дарыялар аркылуу чогулган таштанды агып кетет.
Четинге ар бир шаар абдан керек, ар биринин абдан маанилүү өз ролу бар.
Мисалы, “Боор” деген шаарда тазалагыч клеткалар жашашат. Алар тамыр-дарыялар менен агып жаткан бардык таштандыны чогултушат. Таштандыны кайра иштетишип, андан керектүү нерселерди жасашат да, башка шаарлар керектесин үчүн дарыяга кайра агызып жиберишет. Боордо Четин жеген тамакты сиңирүүгө жардам берүүчү өттү иштеп чыгаруучу клеткалар бар.
19
20
Мээ шаарында абдан көп окумуштуу-клеткалар бар. Булар Четин эмнени көрүп, угуп атканын эстеп калышат, ал эми эмне кылаарын аныкташат. Башка клеткалар окумуштууларга баш ийишет. Мээни Мамлекеттин борбору деп койсо болот. Мээден башка бардык органдарга Четин поезддин терезесинен көргөндөй телеграф өткөргүчтөрү тартылган. Аларды нервдер деп коюшат. Нервдер боюнча сигналдар борбордон жана борборго өтө тез берилет.
Булчуңдардагы клеткалар абдан күчтүү болушат. Алар пружина сыяктуу узарышат жана жыйрылышат. Мээ клеткаларынан аларга буйрук келгенде алар жердеги баштыкты көтөрүп алышат, же топту көкөлөтүп ыргытышат.
Тамыр деген дарыя боюнча жүкчүл клеткалар  — эритроциттер — сүзуп жүрүшөт. Алар шаарларга клеткаларга азык болуучу кычкылтекти жеткиришет.
Мамлекетте зөөкүр микробдор көбөйүп кетпесин үчүн лейкоцит деген сакчылар бар. Лейкоциттер башка эмгекчилерге окшобогон клеткаларды курчап алып, аларды кууп чыгышат. Сакчы клеткалар тамыр-дарыялар боюнча сүзүшөт, ар бир шаарда жашашат жана бардык жерде тартипти сактап турушат.
Эгер тамыр-дарыянын жээктери бузула баштаса, анда эритроциттер (жүкчүл клеткалар) кургакка чыгып тыгылып калышат. Ошол жер көгөрүп калат. Бирок, канда дамырлардын жээктерин ремонттоп туруучу тромбоцит деген атайын жолчу-клеткалар бар. Эгер тамыр зыянга учураса, булар авария ордуна чогулушат да, көп кан акпасын үчүн ал жерди ремонттошот.
Дарыяларда сүзүп жүрүүчү клеткалар, — эритроциттер, лейкоциттер жана тромбоциттер — сөөктөрдүн ичинде жайгашкан айылдарда төрөлүшөт, өсүшөт жана окушат. Бул айылдарды “чучук” деп коюшат. Бул клеткалар чоңойгондо, аларга чучуктун ичинен чыгып, өз кызматын аткарууга уруксат берилет.
Тамыр-дарыялар боюнча кандын жүрүшүн жүрөк тейлейт. Ал — Четиндин муштумундай болгон насос. Жүрөктүн клеткалары булчуң клеткаларына абдан окшош болот. Бул клеткалар — мээнин клеткалары уктап жатканда да иштей беришет. Булчуң клеткалары иштеп жатканда (мисалы, Четин чуркаса) аларга кычкылтек көп керек болот. Демек, жүрөк тез иштеп, жүкчүл клеткалардын өз жүгүн тез жеткиришин камсыз кылышы зарыл. Жүрөктүн тез иштеши угулуп турат. Дарыгер Четиндин жүрөгү кандай сокконун көп эле тыңшайт. Бир-эки жолу Четин Дарыгердин түтүгүн сурап алып, анын жүрөгүн да тыңшаган.
Клеткалар кээде тең экиге бөлүнүшүп, бирдей эки клетканы пайда кылышат. Алардын ар бири өсө берет. Ошентип, Четин чоңоё берет.
21
22
Шишик кайдан чыгат жана аны эмне кылса болот
Кээде тең экиге бөлүнгөн клеткалардын бири башка клеткаларга окшобой калат. Анын бирдемеси жетпей, же тескерисинче, бирдемеси ашык болуп калышы мүмкүн. Мындай клетка кантип пайда болорун эч ким билбейт.
Ал таптакыр ишке жараксыз болот. Ал кычкылтек менен, ж.б. тамак заты менен азыктанат жана тез көбөйө баштайт. Мындай клеткалар шаарга толуп кетип, башка ишкер клеткаларга орун да, азык да жетишпей калат. Мындай зыяндуу клеткаларга өз шаарында тар боло баштаганда, алар дарыя аркылуу, кан менен башка шаарларга тарашып, ал жерде да азыктанып жана орунду ээлеп, көбөйө башташат.
Мындай клеткаларды шишикти же коркунучтуу дартты пайда кылуучулар деп коюшат. Башкача айтканда, алардын негизги касиети — коркунуч туудуруу, алар башкалар тууралуу кам көрүшпөйт. Бул клеткаларды — «коркунучтуу шишик» клеткалары деп айтышат.
Мындай окуя ар кимдин башына келиши ыктымал. Шишик курсакта, башта, сөөктөрдө же көкүрөктө өсүшү мүмкүн. Мындай шишик Четиндин кулагында өстү. Муну кулакты терең караганда, жана компьютердик томографиянын пленкаларында көрсө болот. Ошон үчүн Четин укпай калды, анткени шишик кулак тешигин толук бүтөп калган. Ошондуктан Четинди Башкы оорукананын онкология бөлүмүнө жиберишти. Эми аны айыктыруунун  ар кандай көп жолдорун билген врачтар дарылашмакчы.
Четинге кантип операция жасашты
Четин ооруканада жатканына бир нече күн болду. Андан бир нече жолу кан алышты, ал алып келген пленкаларды абдан изилдешти. дагы бир жолу өпкөнүн компьютердик томографиясын жасашты. Эми дарыгерлер өз бөлмөсүнө чогулушуп, эмне кылышарын чечип атышат. Дарыгерлердин мындай чогулушун «консилиум» дешет экен.
Четинге операция жасап, шишиктин бир үзүмүн алып, аны микроскоп менен изилдеп, шишикти кантип дарылоо жолун аныкташ керектигин чечишти. Мындай операцияны  «биопсия» деп аташат.
Алар Четиндин апасын чакырып алышып, Четиндин кулагынын үстүнөн тилип, шишикке жетип, андан бир үзүм кесип алаарын айтышты. Кулактагы шишикти толук алыш мүмкүн эмес, анткени өтө маанилүү нервдерге жана тамырларга зыян келтирүү коркунучу бар. Операция кылып жатканда Четинге уктатуучу жана эчтеме сездирбөөчү  дары куюп турушат. Муну “наркоз” же “жалпы анестезия” деп коюшат экен. Анестезиолог деген дарыгер Четин уктап жатканда өпкө-жүрөгү нормалдуу иштешине жана убагынан мурда ойгонуп кетпесине байкоо жүргүзуп турат экен.
Шишиктин үзүмүн лабораторияга беришет. Ал жерде аны жука кесип, атайын боёктор менен боёп, микроскоп менен карап изилдешет. Ошондон кийин дарт кандай деп аталаары, аны кантип дарылаш керектиги белгилүү болот. Лабораториянын жумушу бир нече күнгө созулат.
Четин уктап жатканда анын чучугунан 4 жолу илип алышат экен  — сөөккө атайын ийне сайып, чучуктан соруп алышат жана аны айнекке жалатып коюшат.  Бул “пункция” деп аталат. Лабораторияда бул айнектерди боёшот, анан текшерип, шишик чучукка тараган-тарабаганын аныкташат. Дарыгер апасына чучукту жамбаш сөөктөрдүн эки жагынан жана арканын төмөн эки жагынан алынаарын көргөздү.
23
24
Дарыларды канга куярдын жана анализдерди алаардын астында Четинге башка катетер коюшат. Ал үйдөгүдөй кичине болбойт, жана аны колго эмес, бир нече айга көкүрөккө коюшат. Апасына Четинди башынан аягына чейин сөзсүз жуунтуш керектигин айтышты. Операциядан кийин тигиш бат бүтүшү жана инфекция кирбеши үчүн бул абдан маанилүү.
Чоң эне чалганда апасы ага “Эртең”  деп айтты. Операция болчу күнү Четинге эрте менен ичкен-жегенге, ал эмес бир ууртам сууга да,  уруксат беришкен жок. Ошондуктан апасы Четинди эрте ойготкон жок. Апасы унчукпай терезени телмире тиктеп  отурду.
Сыртта жерге жарык киргенде Дарыгер, апасына баланы ойготуп, кийинтиш керектигин эскертти.
Апасы Четинди ойготуп, ага кийингенге жардам берди. Анан аны жуунтпай эле тим койду! Четин көзү жакшы ачылбай эле, Дарыгердин артынан жөнөдү.
Дарыгер аларды операцияга кирчү палатага алып келди. Ал жерде керебетке отуруп алып, операцияга чакырыкты күтүп отурушкан балалуу энелер көп экен. Кээ бирөөлөр коркуп, ыйлап жатышты. Четин апасынын тизесине чыгып, уйкусун кайра улантты.
Ал уктап атканда (түшүндө эттүү көмөч жеп, күкүмүн Корооз балыгына берип атыптыр) анестезиолог-дарыгер келиптир. Ал апасы менен бирдеме сүйлөшүп, анан Четинди чечинип жанындагы дөнгөлөктүү керебетке чыгып отур деди.
Четин чечинип, керебетте жаткан шейшепке оронуп алды.
— Кеттик анда, — деди анестезиолог.
Бирөө керебетти түртүп жөнөгөндө апасы калып калды! Четин: — Апа! — деп кыйкырды. — Апаң сени күтөт. — Мен апам менен болом!
Бирок алар бир канча каалгадан өтүп кетишти, жатканы да ыңгайсыз болуп, Четин колунан эчтеме келбегенине бир аз ыйлап алды. Караса, анестезиолог жана башкалардын баары баштарына топу кийип, беттерине бөлүмдөгү балдардыкындай маска тагынып калышты.
Четинди чоң жарык бөлмөгө алып киришти. Бардыгы космостук кораблдегидей таптаза жана жалтырак экен. Койгучтардагы көп ар кандай приборлор дырылдап же чыкылдап, экрандарда түстүү цифралар жаркылдап турганын байкады. Бирок Четин чалкасынан жаткандыктан жарытып көрө албады, ага шып эле жакшы көрүнөт экен. Шыпта учуучу тарелкага окшогон чоң тегерек асылып туруптур.
— Сен үшүгөн жоксуңбу? — деди тааныш үн. Көрсө, дарыгери да мында экен, Четин аны топусунан жана маскасынан улам тааныбай калыптыр. Дарыгер аны сүйрөтмөдөн жашыл жабуу жабылган бийик столго чыгарып, жашыл шейшеп менен жаап койду.
Четин приборлордогу цифралар эмнени билгизет деп сураганча көрүнбөгөн бирөө анын мурдуна тунук маска кийгизе койду. Маскадан жаман жыт жыттанды. Четин булкунмакчы болгондо шыптагы учуучу тарелка жогору учуп жөнөгөндөй болду, үндөрдүн ордуна күнкүлдөктөр угулуп, анан уктап кетти.
25
26
Операция башталды. Апасы Четиндин кийимдери менен кепичин палатага алып барып, керебетин оңдоду. Анан терезени тиктеп отурду.
Четин реанимацияда
Четин акырындан ойгонду.
Адегенде ал кайра күңкүлдөгөн үндөрдү укту. Бирөө аны атынан чакырып жаткандай. Ал шыптагы чырактарды жана жолчолорду эстеп калыптыр. Мурда чоң көрүнгөндөр эми кичирип калгандай. Анан ал кайра уктап кетиптир.
Анан үндөр кадимкидей болуп калды. Тегерегиндегилер бир цифраларды айтып атышты. Ал приборлордон көргөндөрдү айтышты окшойт. Көзүн ачса, бөлмө абдан чоң экен. Шыпта жолчолор жок. Ал башы бүт таңылып чоң керебетте жатыптыр, Тегерегинде бирдеме чыйкылдап атат. Апасы жанында жок.
Четин реанимацияда экен. Бул — оорукананын операциядан чыккандар жата турган бир болүмү. Бардык керебеттер бир болмөдө турат, дарыгерлер менен медайымдар көп, апаларды болсо киргизищпейт.
Четиндин жанында Дарыгери туруптур. — Иштер кандай? — деди Дарыгер. — Дурус, — Четин деп жооп берди. — Бир жериң ооруйбу? — Суусадым. — Азыр бир нерсе ойлоштурабыз.
Дарыгер кетти. Четин тегерете карады. Оң жагында — терезе. Сол жагында, алысыраакта, — дагы бир керебет, анда бирөө жатат. Үстүндө — дагы приборлор жана бир түтүктөр. Тааныш эчтеме жок. Кулак таңылган, эчтеме укпайт. Кулактагы коңуз да уктагандай.
Ак чыны көтөргөн медайым келди. Чыныдагы суудан шприцке сордуруп, Четинге ичирди. Ал шишедеги сууну соруп ичип ийип, дагы сурады.
— Коё тур. көп ичишке болбойт.
Ал кетти, Четин дагы жалгыз калды. Санаганга да эчтеме жок, аябай зерикти.
Анан эки медайым бир келди. Алар дөңгөлөктүү сүйрөтмө-керебетти түртүп алышытыр.
27
28
Сүйрөтмөдө Четиндин жуурканы бар экен. Башка дарыгер келип, керебетке Четиндин калыңдап кеткен Тарыхын салып койду.
Четинди сүйрөтмөгө салышты, анан алар коридорлордон жана көп каалгалардан өтүп жөнөштү. Бир жолу сүйрөтмө бир бурчка урунду, бирок Четин бекем карманды. Капталына оодарылгысы келди. Баш жагы менен алга бараткандыктан, үстүнөн жылып өткөндөрдү гана көрдү.
Бир каалгадан капыстан апасын көрдү. — Салам! — деди апасы. — Кандайсың балам? — Мен шприцтен суу ичтим, — деди Четин. Анан ыйлап жиберди.
Сүйрөтмө тез баратты, апасы дагы желип басты. Апасынын үстүнөн жолчолор жылып өтүп жатты. Четин учуучу тарелка тууралуу, чыйкылдаган приборлор жана маскадан эмне жыттанганын айтайын деп ойлоду. Сүйрөтмө жайыраак жүрсө болмок, бирок ал лифт күтүп атканда жана жүрүп баратканда гана токтоду. Четин тамак ичкиси келгенин гана айтып үлгүрдү.
Анан ал коридорду тааныды, анан тааныш дубалдардан өтүшүп, таанымал палатага, керебетке, пилдери бар пижамага келишти.
Четин керебетине чыккандан кийин Дарыгер келди, отурууга жана тамак ичүүгө уруксат берди.
Апасы тамак таап келгени ашканага жүгүрдү. Четин отуруп алып, өзүн эмне кылышканын карай баштады.
Башы таңылыптыр, кулагына кебез тыгылгандай. Белине жабышкан бирдемелер бар. Көкүрөгүндө астынан ичке түтүк чыгып турган чоң пластырь жабыштырылыптыр. Баарын толук көрө албады, ыңгайсыз. Пластырдын асты кычышат…
Биопсиянын жыйынтыгын күтүү
Апасы ашканадан жылуу чай жана бөлкө алып келди. Четин чайды бүт ичип, бөлкөдөн бир тиштеди.
Дарыгер дагы келди. Четин аны суракка ала баштады: — Мобу пластырь эмненики? — Бул жерде катетер бар. Бул эми сенин куйругуңдай. Анализ алганда, дары куйганда катетер сөзсүз керек.
— Ал түшүп калбайбы? — Жок, ал жабышып турат! — Белимдеги жабышкандар эмне? — Ал жерден чучугуңа пункция кылганбыз. — Функция? — Жок, пункция, бирок сага жакса, мейли функция болсун. Кечинде аларды алып салсаң болот.
Анан Дарыгер апасына шишикти жана чучукту изилдөөнүн жыйынтыктары бир нече күндөн кийин даяр болорун айтты. Четин азыр ойноп жүрө берсин, күн сайын таңуу алмаштырылат жана кичинеден дары тамызылат деди.
29
30
— Ал эмне? — деди апасы. — Дары куюлабы? — Чочуп кеткенсиди. — Ооба, — деди  Дарыгер. — Бирок коркпогула.
Дарыгердин айтымында шишик өтө кичине болсо дагы, Четинди кыйнап, ууктурушу мүмкүн. Четинге зыяндуу таасирди, илимий айтканда интоксикацияны азайтыш үчүн, дарыяга таза суу куйдургандай, катетер аркылуу атайын эритмелерди куюп турушат. Четин кадимкисиндей эле тамак ичип,  уктап, ойноп каалаганын кылып жүрө берет. Азыр дарыны күнүнө бир нече саат эле куюшат, кийин балким сутка бою дары куюшка туура келет.
Ошентип эки-үч күн өттү. Эрте менен Четин коридорго чыкчу. Коридор менен анын палатасынын жанынан башка апалар, медайымдар жан дарыгерлер өтүшчү. Коридордо башка балдар дээрлик жок эле.
Күн сайын Четинге бир нече саат дары тамызышчу. Палатасында жылтырак турумга бетинде кнопкалары бар “инфузомат” деген чоң боз ящик бекитилген болучу. Аны апасы эсине эч тута албай койду. Медайым ичке тунук түтүктөрү бар эритме куюлган шишени — системаны — алып келип, инфузоматка салып коёт. Ал дүңулдөп, эритмени Четиндин катетерине айдай баштай. Четинге бул анча тоскоол болгон жок, туалетке гана мурдагыдан көп барып калды. Кээде, Четин системага отуруп калса, же ал Четинге оролуп калса , инфузомат чыйкылдай баштачу. Анда апасы Медайымды чакырып оңдотуп койчу. Түнүндө инфузоматтан жашыл жарык чыкчу, ал темир жолдун семафоруна окшош эле.
Четиндин таңууларын күн сайын алмаштырып турушчу. Башындагы таңууну бат эле алып коюшту, ал эми кулагынын артындагы эмне болгонун ал билген жок.
Бир жолу Дарыгер катетериндеги пластырды алмаштырды. Жагымсыз экен! Сыйрып алганда оорутат, анан тызылдатат...Четин жашыл дары же спирт сыйпаганда тызылдатарын билчү — анткени микробдор өлөрүндө тиштеп алышат. Бирок, баары бир, тызылдатат! Дарыгер уйлөгөнгө да жол бербейт. Бирок, Четин тынч жатып, Дарыгерге тоскоол болбогондуктан, баары бат эле бүттү.
Четиндин оорусу кайсы? Аны эми кантип дарылашат?
Бул учурда Четинден кесип алышкан шишиктин үзүмүн лабораторияда изилдеп атышты.
Шишиктин клеткалары түрүн өзгөртүп кетип, микроскоптон таанылбай калбас үчү,н адегенде аны консервалоочу суюктукка, анан катып калсын үчүн парафинге салышты. Анан аны кагаздан да жука кылып кесишти. Ар бир кесиндини айнекке коюп, атайын боёк менен боёп коюшту. Эми микроскоптон клеткалар кандай экени көрүнүп калды.
Чучукту — ал дагы кан сыяктуу суюктук, — дагы айнекке сыйпап туруп, боёшту, шишик клеткалары барбы деп микроскоптон карап көрүштү.
Баары бүткөндөн кийин Четиндин дартынын аты табылды (муну дарыгерлер “диагноз коюлду” дешет).
Диагнозду Дарыгерге айтышты, ал Четиндин апасын чакырып алып, ага айтып берди.
31
32
Дарт «эмбриондук рабдомиосаркома» деп аталат экен. Бул — булчуңдун клеткаларынан өсүп чыгуучу коркунучтуу шишик.
Баарынан жакшысы — бул шишикти кесип алып салуу. Кээде ушинтишке болот. Бирок, шишик Четиндикине окшоп кулактын ичинде болгондо, минтишке болбойт.
Чучуктан дагы, лимфа түйүндөрүнөн дагы, башка органдардан дагы шишик клеткалары табылган жок. Бирок, бул алардын такыр жоктугун билдирбейт. Алар абдан аз болгондуктан, эч бир прибор аларды таппайт. Мындай качып жүргөн шишик клеткаларын таап жок кылыш үчүн, дарыгерлерде дарылардын армиясы бар. Бул армиянын солдаттары-дарылар көп нерселерди жасай алышат.
Алар клеткага бөлүнүүгө жол беришпей, анын тамагын тартып алышат. Клеткаларга уу берип өлтүрүшөт. Кээде клеткага анын коркунучтуу экенин унуттуруп, кадимки клеткага айландырып коюшат.
Кээ бир солдаттар түз эле канга киргизилет. Кээлерин булчуңга киргизишет, алар аяктан дарыяга кирип, өз душмандарын таап алышат. Кээ бирөөлөрүн таблеткаларга кошуп коюшат, аларды жутуп ийишке болот.
Бул солдаттар анча акылдуу эместиги көйгөй жаратат. Солдат кээде байкабай дурус клетканын тамагын тартып алышы мүмкүн. Же, жаңылып башканы уулантып коюшу ыктымал. Булар көбүнчө клеткаларга чучукта (чучук — үй, мында жүкчүл-клеткалар, сакчылар жана жолчулар пайда болушат) көбөйүүгө жол беришпейт.
Анда учурда тамыр-дарыяларда микробдор тез көбөйүшөт, Четиндин температурасы жогорулайт, өзүн жаман сезет; жүкчүлөр жетишпей клеткалар ачка калат, демек Четиндин алы кетет; жол оңдолбой, жүкчүлөр качат. Демек, Четиндин эти көгөрөт, ал эмес, мурду канайт.  
Мындан башка, коркунучтуу клеткаларга атайын дары нурларды жиберүүгө болот. Бул нурлар коркунучтуу клеткаларгга көбөйүүгө жол бербей, аларды өлтүрөт.
Четиндин мамлекетинде бул согуштан улам баары тескери кетиши мүмкүн. Ушундан улам, Четин кээде өзүн абдан жаман сезиши ыктымал.
Согуш бүткөңдө мээнеткечтер кайра ишке киришип, Четинди оңдоп коё алышат. Бирок азырынча согуштун эрежелерине ылайык жашоо керек: солдаттар согуша берсин, мээнеткечтер — эмгектенсин. Ансыз да буларга кыйын.
Дарыгер Четин экөөнө кыйын мезгил келгенин апасына түшүндүрдү.  Бардык шишик клеткаларын жок кылыш үчүн бир нече химиотерапия курстарын, же блокторду алыш зарыл. Блок учурунда катетер аркылуу Четинге химия препараттарын жана булар организмде артыкбаш кармалбасын үчүн тааныш болуп калган эритмелерди куюшат. Курс, же блок бир нече күнгө созулат. Организм калыбына келсин үчүн курстардын арасында дем алыштар болот. Бир нече курстан кийин шишик эмне болгонун текшерүү керек. Бул үчүн компьютердик томография, же кайра операция жасаш керек болот. Анан клеткаларга дагы катуу таасир этиш үчүн нурдантуу, анын артынан кайра химия терапия берүү керек.
33
34
Химия терапия курстарын убагында жүргүзүш үчүн Четин оорубай турушу зарыл. Химия терапия, так ошол тез көбөйүшү керек болгон соо клеткаларга катуу таасир этерин Дарыгер Четиндин апасына айтты. Бул клеткалар теринин, былжыр кабыктардын жана чучуктун клеткалары болушат.
Тери жана былжыр кабыктар (былжыр кабыктар оозду, ичеги-карынды ж.б. кээ бир органдарды каптап турган пленка) химия терапиядан улам өтө морт болуп, бат зыянга учурайт. Зыян тарткан жерден микробдор канга жана денеге оңой киришет. Коргогуч клеткалар дагы химия терапиядан сабыркап калгандыктан, микробдор өтө тез көбөйө баштайт; температура көтөрүлөт, өзүн начар сезет. Кошумча дарылар — антибиотиктер керек болот, баарынан жаманы — кийинки курсту бул микробдорду жок кылмайынча жүргүзүүгө болбойт. Химия терапия көпкө токтоп калса, шишик кайра өсө баштайт. Ошондуктан, микробдорго Четиндин организмине кирүүгө кошумча мүмкүндүк бербеш үчүн ага айрым бир эрежелерди сактоо зарыл.
Четинге эмне кылуу мүмкүн, эмне кылууга болбойт
Мындай эрежелер абдан көп экен. Дарыгер мындайлар жазылган бир китепти алып келди.
Көрсө, эми Четинге тиш тазалашка болбойт экен. Адегенде Четин буга сүйүндү. Бирок, анын ордуна, оозду атайын эритмелер менен чайкоо зарыл.
Тамак тууралуу абдан көп нерсе жазылыптыр. Мисалы, апельсин-мандарин жешке болбойт. Лимон салып чай ичүүго жарабайт Апельсин ширесин ичишке мүмкүн.
Дарыгер чипс менен сухар кемиришке тыюу салды, бирок пастила менен зефир жешке болот деди.
Апасы алма менен алмуруттун кабыгын аарчып жана ортосун кичине баладай тазалап бериши керек экен. Бананды кайнак суу жаба куюп туруп, анан жеш керек, кызыгы ал күрөң болуп калат.
Четин улам жаңы тамак ойлоп таба берди, апасы жазып алып, Дарыгерден жешке болор-болбосун улам сурап турду.
Баарын Дарыгерден сурап туруш керек болуп калды.
Четин күн сайын дагырага бирдемесин жууп турду. Кээде оң колунан баштап жуунса, кээде сол бутунан баштап жуунгусу келет. Катетердин пластырын суулап албаш үчүн ушинтип бөлүп жуунуп калды.
Жумшак оюнчуктар менен ойноого болбойт. Пластмасса оюнчуктарга уруксат, ошондуктан канаты сынган самолету өз ордун ээледи. Палатадан маска кийип гана чыгышка болот. Апасы кээде унутуп калып атты, биро Четин сөзсүз маска менен чыгып жүрдү.
Биринчи блок
Химиянын биринчи блогу башталаарда апасынын эмнегедир тынчы кетти. Ал проблемалар дароо эле башталат деп ойлоду көрүнөт.
Медайым демейдеги бир шишенин ордуна бир нечесин алып келди. Дагы толгон шприци бар экен.
— Баары магабы? — деди Четин.
35
36
— Сага. — Баары чогуубу??? — Жок, бирден. Куйругуңду бери алып чык. Четин медайымдарга жардам кылып, системаны катетерге кошконду билчү. Ал катетерин алып чыгып, аны салаңдатып туура кармап, кулпусун учурунда ачып-жаап берчү. Апасы жанында жөн эле турчу. Медайым бардык түтүктөрдү, банкаларды жана шприцтерди катетерге туташтырды. Инфузоматка дагы бир “перфузор” деген кичирээк аппарат кошулду. Ага шприц сайылат экен. Анын чыйкылдагы башкача экен, аны Четин башкалардан бат эле айырмалап калды.
Апасы буфетке түшкү тамакка бармак, бирок ал бокстан чыксам бирдеме болот деп коркуп жатты.
Дарыгер келип калды. — Ой, Доктор, сиз бул жерде экенде тамак алып келип алайын? Антпесе, чочуп атам.
— Мен жокто деле чыга бериңиз. Эмнеден коркосуз? — Коркпогондо... Химия болуп атпайбы, — апасы алдастай түштү.
Дарыгер “химия” учурунда күтүлбөгөн нерселер абдан сейрек болорун атты. Бардык көйгөйлөр 5-6-күндөн башталат. Химиялык препараттар - дарыдагы солдаттар — чучуктагы өзөк клеткаларга таасир этет, лейкоциттердин, тромбоциттердин жана эритроциттердин саны дароо эмес, бирок азая баштайт. Бир топко чейин, химиядан мурда пайда болгондор иштеп турушат.
Апасы бир аз тынчтанып, буфетке кетти. Дарыгер демейдегидей Четинди карап, тыңшап көрдү, кулагынын артын карады. Анан сурап калды:
— Сен бүгүн оозуңду чайкадыңбы? — Ой! — деди Четин. — Унуттум... — Мына сага! — деп Дарыгер катуу айтты. — Эмне үчүн? — Мен адегенде ойлонуп кетиптирмин, анан шприцтер келип калды, мени туташтырып коюшту. Ана мен шприцтерди эле ойлоп калдым. Ошентип, үлгүргөн жокмун.
— Шприцтердин эмнесин ойлодуң? — Чоң шприц кичинесинин апасыго дедим, анткени алар окшош экен. Дагы чоң энем Корооздун суусун алмаштырды бекен деп ойлодум...
— Корооз деген эмне? — Ал менин үйүмдө жашаган бир көк балык. — Ал эмне үчүн Корооз? — Ал эркек да! Ушу жерден апсы келип калды. — Апа! Биз ооз тууралуу унуткан турбайбызбы! — Ох, карачы балаа баскырды! — Апасы капа болду..
37
38
Дарыгер эрте менен күн сайын Четин ойгонгончо чоң шишеге ооз чайкаганга эритме даярдап алууну сунуш кылды. Ал ойгонгондо дароо шишени көрөт да, ооз чайкаганды экинчи унутпайт. Ушуну менен Дарыгер кетти, Четин болсо Зоопарк тууралуу китепченин сүрөттөрүн көрө баштады.
Анан Четин баскысы келди. Ал апасынан суранды: — Мени ажыратып коюшсун дечи! — Дарыгер бүгүн болбойт деген. — Эмнеге? — Анткени сага «химия» куюп жатышат, Дарыгер сенин ичиңдеги зыяндуу клеткаларды жууп ташташ керек дегенин билесиңби?
— Эмне, алар химиядан өлүшөбу? — Ооба, алар талкаланып, таштандыга айланат. Бул химия болсо аларды жууп чыгарып таштайт.
Четин өз ичиндеги кан жүгүргөн дарыя-тамырларды ойлоду, жазында көлчүктөрдүн арасына арык казганда аларга таштандылар толуп калганын эстеди.
— Кел балам, оозубузду дагы бир чайкап туруп, чоң энеге телефон чалалы.
— Андан Короозду сурап кой. Четин албомуна көлчүктү тарта баштады.
Четиндин чачы кантип түшө баштады
Бир нече күндөн соң, «химиянын»  1-блогу бүткөндөн кийин, Четин эрте менен ойгонуп, оозун чайкап, анан эмне жесем деп кежигесин кашыса эле, колуна чачы кошо келди.
— Апа, карачы! Четинди бул эч капа кылган жок. Апасы бир аз капаланды. Четиндин башынан сыласа анын алаканына да бир топ чач чыкты.
— Мен эмне, карыдымбы? — деди Четин. — Эмне үчүн антип ойлодуң? — Анткени карылар гана такырбаш болушат!
Апасы Четиндин түшкөн чачтарын чогулта берип тамакты унутуп койду. Эстетишке туура келди. Четин бышырылган колбаса менен бутербродду чай менен ичмек болду.
Апасы буфетке кеткенде Четин желке чачтарын чогултуп, тумбочкадан табылган кичине пакетке салып койду. Чач чогултканда эч ооруган жок. Ошол учурда Дарыгер кирди.
Четин андан сурады: — Мен карып калдымбы?
Дарыгер андай эместигин түшүндүрдү. Дары-солдаттар чачы чөптөй эле өскөн башка келишти, Дарынын таасири менен чачтын тамырлары куурап калды, эми чачты эчтеме кармабай калгандыктан, алар түшүп атат. Четин дарыланып бүткөндө, балким мурдагыдан жакшы чач кайра чыгат.
Кийинки күнү жердин баары чач: жаздыкта жана анын астында, китебинде жана карандаштардын кутусунда, ал эмес самолеттун дөңгөлөгүндө дагы.
— Кел балам, чачыңды шыпырып коёлу! — деди апасы.
Бир жактан жалтыраган тиштери бар машинка таап келишти. Аны иштеткенде ачуулуу дырылдады. Четинди палатанын ортосуна отургузуп, башын эле чыгарып туруп шейшепке ороп коюшту. Четин колун көтөрсө, бүт шейшеп кыймылдайт экен.
— Мен көрүнчүмүн, — деди Четин.
Машина менен желке чачын алып жатканда кытыгысы келген, эми көнбөгөндүктөн төбөсү муздап кетти.
Чачы жок Четинди карап алып, эмнегедир апасынын маанайы чөктү. Ал болсо такырайган төбөсүн кубанып чапкылап, көрүнчүлөр такырбаш болобу деп ойлоду.
39
40
Апасы ага топу же шапке сатып бермекчи болду, бирок Четин кереги деле жок деп койду.
Четин кантип “аплазияда” болду
Бир күнү Четин маанайы жок ойгонду. Апасы палатада жок экен. Четин шыпты карап жатты. Шыпта үч кичинекей кара так бар экен. Экөө көзгө, бирөө мурунга окшойт. Шыпта Жырткыч жашайт турбайбы. Бирок, Четин андан корккон жок.
Каалганын “чыйк” дегенин угуп Четин көзүн жумуп калды. Эми апасы туруп оозуңду чайка дейт. Апасы дайыма бирдеме кыл деп турат.
— Четин, уктап атасыңбы? Четин козголгон жок. Апасы колун жууркандын астына салып, Четинге муздак градусник карматты. Четин аны жылытып атып кайра уктап кетти.
Ал ойгонгондо палатада Дарыгер бар экен. Ал апасы менен акырын сүйлөшүп атыптыр. Четин көзүн ачып, көзү менен Жырткычты издеди.
— Салам! Иштер кандай? — деди Дарыгер. Четин карап койду, бирок жооп берген жок. — Анын бүгүн маанайы пас, — деди апасы. — Түшүнүктүү, лейкоциттер аз болуп атпайбы.
Мындай маанай химия терапия курсунан кийин дайыма болот. Анткени дары-солдаттар чучукка жетип барышты, ошентип ал жерде жаңы лейкоцит-сакчылар, эритроцит-жүкчүлдөр жана тромбоцит-жолчулар жаралбай калды. Дарыгер мындай абалды илимий жактан — кан жаратуу аплазиясы, же жөн эле, — аплазия деп атады. Бул учурда, лейкоциттер (же, мисалы, тромбоциттер) «төмөн» дешет, башкача айтканда, алар канда аз болушат. Бул өтө кыйын мезгил. Четин инфекциялардан эч коргоно албайт, ошондуктан ичине микроб кирбесин үчүн тамакты тандап жешке аргасыз; Четиндин дарыя-тамырларынын жээктерин эч ким оңдобогондуктан, ар кайсы жери көгөрүп калат; жүкчүл-клеткалар аз болгондуктан, шаарларга кычкылтек убагында жеткирилбейт, ошондуктан Четиндин алы жок.
— Четин, сени тыңшап көрөйүнбү?
41
42
Четин, демейдегидей, майкасын көтөрдү, дем алды, оозун ачып берди — бирок, бүгүн ушунун баарын өтө көңүлсүз жасады.
— Тамак ичесиңби? — деди Дарыгер. Четин башын чайкады. Дарыгер апасына температураны тез-тез өлчөп тур деди да, өз бөлмөсүнө кетти. Ал жерде Четиндин Тарыхына анын лейкоциттери аз болгондуктан, маанайы пас экенин жазды.
Четин оозун бир ирет чайкоого көндү. Апасы бышырылган картөшкө апкелсе, аябай даамсыз экен. Четин аны Жырткычка берсе деп ойлоп койду.
Медайым келди. — Салам, Четин! Иштер кандай? Четин дубалга бурулуп, жуурканга чүмкөнүп алды. — Антпе! Биз минтип макулдашкан эмеспиз. — Менин лейкоциттерим төмөн болуп атат, — деди Четин. — Анда түшүнүктүү, — деди медайым.
Бул күн абдан узак болду. Дарыгер бир нече жолу келди. Эч себепсиз эле, тизеси көгөрүп калды.
Ага Дарыгердин дагы ийне жазып бергени кошулду. Четинге ийнени көп сайышкан жок, бирок, баары бир окүнүчтүү. Дарыгер ушул ийнеден кийин анын канында лейкоциттер тез пайда болот деди. Ийнени эмдеген сыяктуу, карууга сайышты.
Кечинде Четиндин эти ысып калды. Адегенде ал чыйрыгып, апасынан дагы бир жууркан жап деп суранды. Эми эч ким таппасын деп, жууркандан уя жасап алды. Градусник отуз сегиз жана үчтү көрсөттү.
Дарыгер Четинди кайра тыңшап, кан басымын олчой баштады. Толтура шприцтерин көтөрүп медайым келди. Бир шприцте температураны төмөндөтүүчү дары бар экен. Экинчисинде — антибиотик — сакчылардын ордуна бул дары зөөкүр-микробдор менен салгылашат. Так ушул микробдор Четиндин этин ысытып, анын маанайын түшүрүп жатпайбы.
Кийинки күн мурдагысынан жакшы болгон жок. Четин уясына жашынып алып,  өзүнүн Жырткычы менен да сүйлөшпөй койду. Температура дагы эки жолу көтөрүлдү. Тизесинде дагы бир жери, аркасында эки жери көгөрүп чыкты.
Медайым тез-тез келип атты. Бир жолу ал тамызгычка мурда Четин көрбөгөн кочкул-кызыл бирдемеси бар баштыкчаны кошуп койду. Анан балдай сары бирдемеси бар баштыкчан туташтырды.
Баштыкчадагы кызыл суюктукту эритроциттик масса дейт экен. Булар кызыл формачан жүкчүл-клеткалар болуп чыкты.
Сары формачандар жолчу-тромбоциттер экен. Баштыкчада турганда алар тромбоциттик масса деп аталат.
Эритроциттик массаны жана тромбомассаны Четинди эч качан көрбөгөн адамдар беришиптир. Мындай адамдарды донорлор, ал эми алардын клеткаларын донордук клеткалар деп айтышат. Четиндин чучугу кезектеги чабуулдан кийин өзүнө келгенч,е ага донордук эритроциттер менен тромбоциттерди куюшту. Анын тамырлары азык заттарын ташып, жолчу-клеткалар тамыр-дарыялардын жээктерин оңдой башташты.
Четинге кан куйгандан кийин анын көңүлү көтөрүлө түштү. Керебетине отуруп алып, апасынан китеп окуп бер деп суранды. Ал өзү деле окуганды билет, бирок азыр өзүн абдан кичинекей сезгиси келди. Апасы ага Карлсон ооруп калып, варенье жегенин окуп берди.
43
44
Кечинде медайым дагы лейкоцит пайда кылуучу ийне сайды. Четин анан уктап калды.
Кийинки күнү абал бир аз оңолду. Температура болгон жок. Четин кечке тамак жегиси жана күлгүсү келип жүрдү. Тизесиндеги көгөргөндөр түсүн өзгөртө баштады — бири жашылга, бири сарыга айланды. Шыптагы Жырткыч Четинден картөшкө сурай баштады, бирок Четин өзү эле жеп койду.
Четиндин апасы тууралуу
Четиндин апасы аябай жакшы, бирок Четин андан кээ бир жагынан акылдуулук кылат. Апасы роботтордун түзүлүшүн таптакыр түшүнбөйт, короодогу мыйларды бири-биринен ажырата албайт, алардын биринин эки арткы бутунда ак тактары бар, экинчисиники — алдыңкы бутунда, үчүнчүсүндө такыр так жок, бирок куйругу каралжын. Бирок, башка маселелерде ага ишенүүгө болот. Мисалы, ал, кайсы жерде эмне жатканын жакшы билет. Четиндин уктап же амалданып жатканын дароо түшүнөт. Картөшкөнү даамдуу кууруйт, Четин көчөдөн тизелерин булгап келгенде анча урушпайт.
Бирок, бул жерде, ооруканада, ага бирдеме болду. Ал эртең эмне болорун билбей калды. Четинге берилип жаткан дарылардын аттарын эсине тута албайт. Кээде ыйлайт. Анан, Четинден да ашык толкунданат.
Бирок, үйдөгүгө окшош жагы да бар. Мурда апасы жумушка кетчү, эми дежурлукка кетет. Мурда дүкөнгө барчу, эми буфетке барат. Көрсө, апасы дени сак Четинди жакшы билчү экен. Ал эми оорулуу Четин тууралуу Дарыгер жакшы билери белгилүү болду. Апасы Дарыгерден абдан көп нерселерди сурайт, ал айрымдарын өзү айтып берет. Бирок, баарын айтып бериш мүмкүн эмес экен — Дарыгер Четин эмне болуп атканын, ага эмне кылышка болорун, эмне — болбой турганын билиш үчүн канча окуду. Апасы болсо, баарын дароо эле түшүнүшү жана эч качан ката кетирбеши керек. Ошондуктан, апасына абдан кыйын.
Апасын эркине койсо, Четинге сүхарик кытыратканга уруксат бермек. Бирок Дарыгер минтишке азырынча болбойт деди. Палатанын асты булганч болбосун, колдор дайыма таза жуулсун. Ошондуктан, апасы да Четинге айрым нерселерди тыюу салды.
Ал дагы үйгө абдан кайткысы келет. Бирок, Четинди дарылабаса, ага абдан жаман болорун билет. Ошондуктан ал Четин менен ооруканада болуп, Дарыгердин айткандарын толук аткарып жатат.
Апасы эртең эмне болорун кээде билбейт, бирок, аны эч ким билбеген учур да болот. Ал эмес, Дарыгер да Четиндин канында лейкоциттер дүйшөмбүдө пайда болот деп ойлосо, алар атайлагансып шейшембиде же шаршембиде пайда болушат. Бир нече жолу ушундай болду, ошондуктан ал бир нерсе убада кылганда шейшембиде эмес, “лейкоциттер пайда болгондо” дей баштады.
Баарынан жаманы, Дарыгер кээде апасына ачууланып калат. Башка апалар менен мындайлар көп болот. Эгер апасы өз баласына бирдеме жедирип коюп, баланын ичи ооруп калса, анда Дарыгер абдан ачууланат, ал эмес, Башкы дарыгерди да чакырат. Башкы дарыгердин жалтыраган көз айнеги бар жана чөнтөктөрү ар нерсеге толтура. Ал урушканды жаман көрөт, бирок кээде урушуп коёт. Четин жана анын апасы мындай болушкан жок.
Чоң кошуна
Четин аплазияда экенде, бирок температурасы жок учурда, анын жанына кошуна киргизишти. Анын аты Шаша, Четинден бир топ улуу экен. Анын баш сөөктөр тартылган сонун банданасы бар болуп чыкты.
Шашанын катетери Четиндикиндей экен. Дарыгер Шашанын катетеринин таңуусун алмаштырганы келгенде Четин көрүп турууга уруксат алды. Сеникин кайра жабыштырып атканда чалкаңан жаткандыктан, канча аракеттенсең да эчтеме көрбөйт экенсиң.
Дарыгер эски пластырды чебердеп сыйрып алды. Катетер пластырь астында сырттагыдай эле, — ичке ак түтүкчө экен. Ийиндеги акырек деген сөөктүн астынан ары катетер көрүнбөй кетет экен. Анча деле коркунучтуу эмес. Катетер кирген жерди спирт жана йод менен сүртүп койду.
— Спиртиңиз ачыштырат экен, — деди катаалдык менен Шаша.
45
46
— Ал микробдордун өлөөрүндө тиштеп алганы, — деди баарын билген Четин.
Дарыгер катетерге жаңы таза пластырь жабыштырып, бетине мотоцикл тартып койду.
Шаша Башкы ооруканага Жашыл шаардан келиптир. Жашыл шаарда ал мектепке барчу экен, математикадан мыкты, географиядан үчкө окуптур. Четин болсо география деген эмне экенин билчү эмес. Шаша ага түшүндүрдү:
— Географияда ар кандай өлкөлөр тууралуу айтып беришет. Шаарлар, дарыялар, көлдөрдү ар түрдүү карталардан көргөзүшөт. Мен ошолорду эске тута албай койдум.
— Карта деген эмне? — Мына, мисалы, — деп Шаша Четиндин альбомун алды. — Бул өлкө болсун, — деп альбомго иттин башына окшош бирдеме тартты. — Анда бул анын борбору, башкы шаары болот.
— Бымба, — деди Четин. — Эмне — Бымба? — Шаардын аты  — Бымба. — Болуптур. Бымба боло берсин. Ал жерден дарыя агып өтсүн. — А дагы Бымба. — Андан башка өлкөлөр болуш керек. Алардын чек аралары мобулар болсун.
— А биздин өлкнү кандай атайлы? — Мейли — Биздинстан. — Аларда оорукана болобу? — Болсо керек. Аякта да оорушат да. — Эмне менен? — деп сурады Четин.
Шаша ойлонуп калды. Анын өзүнүн дарты курч кармаган лимфобласттык лейкоз экен. Лейкоз учурунда коркунучтуу клеткалар чучукта пайда болушат. Шашага толук эки жыл бою Четиндикинен башкача дарыланыш керек экен. Ал күн сайын таблетка ичип, анда-санда ийне сайдырат, кээ бир дарыларды ага азыркыдай венасынан куюшат. Ага көп жолу пункция жасашкан, ошондуктан ал көнүп деле калыптыр.
— А сенин эмнең ооруйт? — деп Шаша Четинден сурады. — Кулагым, — деди Четин.
Шаша ойлонуп калды. — Жок, алар биздей оорубай эле койсунчу. Мейли, кээде буттары сынсын, ичтери оорусун.
Кийинки күнү Четин ойгонуп эле: — Тоолор — деди.  — Эмне тоолор? — Алардын тоолору да болсун.
Ошентип Биздинстанда тоолор, анан дагы шаарлар, дарыялар, көлдөр пайда боло берди. Картада бош жер калган жок.
Кечиде Четинге  — көптөн бери биринчи жолу — басып келгенге уруксат беришти. Сырттан Четин Шашага чоң дептер алып келди.
— Муну эмне кылам? — деди Шаша. — Бул сенин географияң болсун, — деди Четин.
Экинчи блок
Бир нече күндөн кийин Шаша Четиндин боксунан кетти. Биздинстандын картасын албай, Четинге калтырды.
Биринчи блоктон бери үч апта өттү. Температура болбогонуна көп болду, канында лейкоциттер пайда болду, дарыларды да бир топтон бери сайыша элек.
47
48
Экинчи блокту баштачу учур келди. Четин блокту каалаган жок, анткени “химия” учурунда тамызгычты ажыратып, сыртка чыгышка болбойт эле. Бирок, буга бир нече күн эле кетерин Четин билчү.
Дагы биринчи жолкудай болуп, медайым толтура шприцтерин жана банкалардагы эритмелерин көтөрүп келди. Четин ага системаны катетерге кошууга дагы жардам берди.
Ал кеткенден кийин Четин шыптагы Жырткычка: — Көрдүңбү, дагы «химия». Дагы байлоодо отурасың. Сыртка чыга албайсың. Баса, сен сырт дегенди билбейсиң да. Сен бокстагы Жырткычсың, — деди.
Анан ал ойлоно түшүп, Жырткычтан сурады: — А сенин лейкоциттериң барбы? — Сен  ким менен сүйлөшүп атасың? — деди апасы. Ал Четинге пили бар пижамасын жууп алып келген эле.
— Мен ырдап атам, — деп койду Четин. Апасы Жырткыч тууралуу билчү эмес.
Кийинки күнү ал ойгоно албай койду — «химиядан» кийин уктагың эле келе берет. Апасына аны ойготууга туура келди.
— Четин тур! Эрте мененки тамагың даяр.
— Апа, менин берки кулагым да угуп калды окшойт.
Апасы абдан кубанып, Четиндин ошол кулагынан өөп да койду.
Дарыгер келгенде апасы ага дароо эле кубанычтуу кабарды билдирди. Дарыгер да абдан кубанды, бирок текшермекчи болду. Бокстун бир бурчуна барып туруп, Четинди болсо экинчи бурчка тургузду. Соо сол кулагын бекем басып тур деди.  Апасы ага жардамдашып, кулагын алаканы менен бекем басып турду. — Айтканымды кайтала!
Четин Дарыгер шыбыраганын катуу кайталап айтты: — Төрт ташбака! — Тогуз крокодил! — Он жети кумурска! — Бул шишик кичирейгенин билдиреби? —деп сурады апасы. — Ооба, — деди Дарыгер, — шишик үн өтчү өтмөлүктү жаппай калган. Жакында шишиктин кантип азайганын билиш үчүн кайра компьютердик томография жасайбыз. Кээде шишиктин кичине бир бөлүгү көпкө чейин кала берет. Жашоого жөндөмдүү клеткалар барбы, алар көбөйө алабы  — же жөн эле колдун терең кесилген жериндеги тырыктай болуп калганбы — текшериш керек. Кээде, даана түшүнүш үчүн кайра операция жасашка, биопсия алышка жана микроскоптон тирүү клеткаларды издешке туура келет. Эгер алар калган болсо, балким мурдагыдан күчтүү химия терапия жасаш керек. Мындай клеткалар көрүнбөсө дгыа, баары бир, дарылоону улантып, пландагыны толук аткарыш керек. Бир клетка калса да — шишик кайра осүп чыгат. Баарынан да, Четиндин ушул кулагы менен угуп калганы эң жакшы.
49
50
Апасы чоң энеге телефон чалып, Четин менен сүйлөштүрдү.
— Короозум кандай? — деди Четин.
— Сен жок зеригип атат, — деди чоң эне Четиндин оң кулагына.
Дарыгер болсо бөлмөсүнө барып, Четиндин Тарыхын алып, болгонун болгондой жазды: «Оң кулагы менен уга баштады». деп туруп колун койду.
Дарыгердин көңүлү кечке көтөрүңкү жүрдү.
Кика
Экинчи блоктун акыркы күндөрү Четин палатасында жалгыз болгон жок. Ага кошуна келди. Мындай кичинекей кызды Четин мурда көргөн эмес. Анын аты Кика экен.
Кика али баса элек. Ал өзүнүн тосмолуу бийик керебетинде абдан ишенимдүү жана чечкиндүү жөргөлөйт, кичине каз турат, бирок сөзсүз бирдеме кармап турушу керек. Апасы Четинге сен да ушундай кичине болгонсуң деди.
Киканын апасы Четиндикине окшош эмес. Ал өтө олуттуу, ал эмес, кайгылуу десе болот. Алар Кика экөө кичине бир кыштактан келишти. Үйүндө Киканын бир тууганы жана атасы калыптыр.
Кика Четинден кичине болгону менен ал сыяктуу эле өз алдынча. Эртең менен ойгонуп, керебетине отуруп алып, “у” деп үн салат экен. Мунусу, анын саламдашканы. Эгер эч ким жооп бербесе, анда өз иштери менен алектене баштайт: байпагын чечип жерге ыргытат, салфеткаларды пачкасынан сууруп чыгып жуурканына жайып коёт же сүйүктүү резина аюусунун кулагын тиштеп жулмалайт.
Бир жолу, апасы чыгып кеткенде Четин Кика менен ойномокчу болду. Ал Киканын  керебетине келип, тосмосунан колун сунду. — У! — деп Кика абдан олуттуу айтты. Мунусу “алсаң болот” дегени болучу. Ал Четинге түстүү кубигин берди.
Четин: — Рахмат! — деп кубикти тумбочкага коюп койду. Кика болсо экинчисин сунуп атыптыр. Анан үчүнчүсүн сунду. Керебеттеги кубиктери түгөндү.
Анда Четин кубиктерди алып туруп, Киканын жанына биринин үстүнө экинчисин тизип койду. Мунара болуп калды.
Кика Четиндин кылганын карап турду. Курулуш бүткөндө кубиктерин алмакчы болду. Бирок, мунара кулап калды.
— У! — деди кайра Кика, Четин анын “биздин мунара кулап калды” дегенин жакшы түшүндү. Ал мунараны кайра курду.
Четинге Кика менен ойногон жакты. Анын жанында өзүн чоң жана күчтүү сезип калды.
Киканын апасы маанайы пас жүрдү, анткени ал айыгыш үчүн оорукананада көпкө жатыш керектигин билчү. Киканын шишиги курсагында экен. Шишиктин аты «нейробластома» дешти. Дарыгердин айтымында Киканын айыгышы үчүн бир нече блок “химия”, анан операция жасап, андан кийин чучук салыш керек экен. Дарыгер айткандай, өзгөчө дарылардын жардамы менен, чучуктан дарыя-тамырларга абдан жаш клеткалардын  чыгышы камсыздалат. Бул клеткалар али тромбоцит, эритроцит же лейкоцит болуша элек,
51
52
алар бул абалда көпкө чейин - керек болгонунча - жетилбестен кала беришет. Атайын прибор аларды катетер аркылуу чогултуп алып, анан тоңдуруп уктатып коёт. Анан Кикага химиялык препараттардын чоң дозасын берип, шишиктин калганын жок кылууга аракеттенишет. Бирок бул химия препараттары Киканын чучугунда калган жаш клеткаларды жок кылышы мүмкүн. Так ушул учурда тоңдурулган клеткаларды жылытып туруп, Кикага кайра куюшат. Алар ойгонуп, өздөрүнүн үйү болгон чучукка кайра кирип, ал жерден жетилишип жана өз иштерин аткара башташат. Бул үчүн, “химия” блогуна кеткенден көп убакыт талап кылынат. Алар ойгонуп аткан учурда Кика өзү жалгыз таптаза бир бөлмөдө болушу, анын айланасындагылардын баары таптаза болушу зарыл. Кикага кириш үчүн Дарыгер да, апасы да, медайымдар да операциядагыдай атайын халаттарды, кол каптарды, топуларды жана маскаларды кийишет. Антпесе, Киканын организмине микробдор кирип кетип, анын ичиндеги дарыяларын жана шаарларын ээлеп алышат. Кика болсо, абдан катуу ооруйт. Кийинчерээк, лейкоциттер пайда болгондо бокстан чыкса болот, биро ошону менен дарылоо бүтпөйт. Киканы нурга кактоо да керек. Ушунун баарынан Киканын апасы аябай коркуп атат.    
Албетте, Четин деле, апасы дагы, ушунун баарын Киканын апасы айтып атканда көбүн түшүнүшкөн жок. Бирок, Кикага абдан кыйын болорун түшүнүштү, жана аны абдан аяшты. Четинге караганда Кикага кыйын экен.
Четин кантип чүчпара жеди
Экинчи блоктон кийин Четиндин аппетити жоголду. Ал таптакыр тамак жегиси келбей калды. Апасы буфеттен апкелгендин баарынын жыты жаман. Апасы кабатырланып, Четинге улам бир тамакты сунуш кылды, бирок ага эчтеме жакпай койду.
— Ушундай болот, — деди Дарыгер апасына. Четинге болсо: — Бирдеме жегенге аракет кыл. — А мага сыртка чыгышка болобу? — деди Четин. — Болуптур, чыгып кел. Балким, аппетитиң ачылаар. Четин самолетун алып, апасы экөө сыртка чыгышты. Самолет дарактарды айланып учуп, отургучтагы аэродромго конду, чимирилип жана сыйыртмак жасап атты. Анан капыстан эле Четин:
53
54
— Мен чүчпара жегим келди! — деп кыйкырды.
Апасы абдан сүйүндү. Алар тез бокска киришти, самолетту ангарга коюшту, оозду чайкашты. Апасы чүчпарага жүгүрдү.
Четин беш даана чүчпара жеди! Апасы кубантмакчы болуп чоң энеге чалды. Чоң энеси Четин тамак жебейт деп апасынын айтканына капа болуп жүрчү.
Анан Четин өзүнүн Зоопарк тууралуу сүйүктүү китебин колуна алды, апасы болсо бир жакка жумуштап кетти.
Апасы бокска келгенде Четин бүрүшүп, дубалды карап жаткан.
— Эмне болду? Эмне китебиңди таштап койдуң?
— Көнүлүм чаппайт. — Мен окуп берейинби? — Болуптур... Апасы Четинге — үкүнүн балдары жөнүндө, ачка төө тууралуу, ачуулуу жолборс күчүк тууралуу — окуп бере баштады. Караса, Четин ыйлап атыптыр.
— Эмне болуп кетти? — Ичим ооруп атат.
Апасы колун Четиндин ичине койду, Четин апасынын колуна оролуп алса да, бул жардам берген жок. Ичи улам күчөп ооруду.
Апасы Дарыгерге жүгүрдү. Алар келгенде, Четин керебетте төрт аяктап туруптур. Ушинтсе, оорусу азайгандай сезилиптир.
— Эмне болду? — деди Дарыгер. — Ичим ооруп атат... — Ага...Эмне жедиң эле? — Чүчпара... Мына эмессе. Дарыгердин ачуусу келди! Ал апасын караганда, көз айнеги ачуулуу жаркылдай түштү.
— Кайдан чыккан чүчпара?
Апасы Четин сураганынан бердим эле, сүйүнгөнүмөн болобу же жокпу деп сурабай калыптырмын деп бүжүрөдү.
Ушу жерден Четинди ичи катуу ооруп кетти — Ой! Жардам ! — деп жиберди. Дарыгер курсагын ушалап көрсо, оорубаган жери жок экен.
Дарыгер температураны өлчөгүлө деп кабагын бүркөгөн бойдон кетти. Четин градусникти салып, дубалды карап жатты.

Бир кучак шприцтерин, шишесин жана системасын көтөрүп медайым келди. — Мага дагы дары куябы? — деп Четин катуу капа болду. Ал дагы сыртка чыккысы келген. Бул жолу медайымга жардам да берген жок. Дарылардан ичтин ооруганы басаңдады, бирок толук басылбады. Капыстан эле чыйрыга түштү. Температурасын ченесе, мына ссага,  — 38,7!
Ачуусу токтогон, бирок, камтама болгон Дарыгер кайра келди. Ал чечкиндүү жана кабагын бүркөгөн бир кесиптешин ээрчитип алыптыр. Бул ич ооруну толук билген дарыгер эжени Четин мурда көргөн. Ал дагы Четиндин курсагын ар бир чүчпараны издеп аткансып ушалады, тилин чыгартып көрүп, кайра кетип калды. Апасы температурасын айтса, Дарыгердин кабагы салынып калды.
Ушунун баарынан Четин жүдөп кетип, уктап калды. Ал уктап атканда Дарыгер келип, апасы менен көпкө сүйлөштү. Четин жейм дегендин баарын бере беришке болбостугун апасына эскертти. Кээ бир азыктар — чүчпара эле эмес! — так ушундай жаман нерселерге алып келет. Кээ бир азыкта микробдор көп, кээ бири аш казанга жана башка тамак сиңирүү органдарына катуу күч келтирет. Эми Четин бир нече күн бою абдан көп антибиотиктерди жана башка дарыларды алат, тамакка чектөө мурдагыдан катуу болот. Дарыгер-хирург күн сайын бир нече жолу келип, курсакты сыйпалап, инфекция тереңдеп кетпешине көз салып турат.
55
56
Мамасы: — Ушунун баары чүчпараданбы? — деп сурады.
Дарыгер ага Четин экөө эрежелерин сакташка мидеттүү китеп тууралуу эскертти.
— Ой, ушунун баары кандай кыйын! — деп үшкүрдү апасы.
Дарыгер мунун баарын түшүнөм, мен Четиндин айыгып кетишин абдан каалайм, ошон үчүн ачуум келбейт, бирок, абдан капамын деди.
Четин дагы бир жума толук ооруду. Аны антибиотик менен дарылашты, лейкоцитттерди көбөйтүүчү дарыны каруусуна сайышты, сыртка чыгууга тыюу салышты.
Шишик кантип жоголду
Четиндин кулагындагы шишик канча кичирейгенин текшере турган мезгил келди. Четиндин оң кулагы угуп калгандан кийин эл,е анын кичирейгени билинген. Бирок, шишиктен бирдеме калган-калбаганын билиш үчүн кайра КТ жасаш керек эле.
Апасы эмнеге мынча кабатыр болгонуна Четин түшунгөн жок. Ага КТ ны бир нече жолу жасашпадыбы, коркууга негиз жок, ал эми столду апасы жок эле айдаганга каршы эмес.
Четинге колуна Тарыхын жана ал Эски шаардан алып келген пленкаларын беришти. Пленкалар азыр түтүк болуп оролбостон, чоң күрөң конвертке салыныптыр. КТ га баруучу жолду Четин билүүчү.
Мында баары тааныш экен: узун машинедей стол, тешик, чырактар. Эми контраст затты киргизиш үчүн колуна сайып кереги жок, анткени азыр Четиндин катетери бар! Апасы каалганын ары жагында калды. Четин лаборант эжеге мурдагы сүрөттөрүн жана Тарыхын өзү берди, контраст зат киргизиш үчүн катетердин учун өзү жандырды, шприцке спирт чачты, анан талаптагыдай кыймылсыз жатты.
Изилдөө бүткөндө лаборант эже Четинди апасына алып келгенде апасы сурады:
— Кандай болду? — Сизге дарыгер баарын айтып берет, — деди лаборантка.
Лаборантка эчтеме айтпагандан кийин, апасы Четиндин иши начар экен деп ойлоду.
Чынында андай эмес экен. Жөн эле, баарын жакшы билген дарыгер-радиолог КТда азыр көрүнгөндү мурдагы сүрөттөр менен жакшылап салыштырып көрөт. Бул ишке убакыт керек. Анан ал Четиндин Дарыгерине шишик эмне болгонун бүт айтып берет.
Мына эми, Четин сыртта ары-бери басып, палатасынын терезесин сыртынан карап жүргөндө — (палата экинчи кабатта болуп, ичинен эч нерсе көрүнчү эмес, абдан аракеттенсең гана айнекте жабыштырылган алмасы бар кирпини көрөсүң) — радиолог
57
58
сүрөттөрдү изилдеди. Четиндин Дарыгери болсо, чыдабай анын кабинетине өзү келди. Алар Четиндин кулагын көпкө чейин изилдешип, пленканы жарыкка карап атышып: шишик жок экен деген жыйынтыкка келишти! Дарыгер кубанып, Башкы дарыгерге барып, шишик жок экенин, химия терапия аны жок кылганын айтты! Анан мунун баарын Тарыхка жазып койду.
Дарыгер КТда эмне көргөнүн апасы батынып сурай албай койду. Дарыгер өзү шишик жок болгонун, баары пландагыдай эң сонун баратканын айтты.
Бирок, эми эчтеме кылыштын кереги жок эмес. Эми, Четиндин организминде бир дагы корунучтуу клетка калбагандай болсун. Бул үчүн, Четинге химия терапиянын дагы бир нече блогун берип жана нурдантуу жасаш керек.
Четинди кантип нурдантышты
Кийинки блок кыйын экен. Шишикке кайра өсүп кетишке мүмкүндүк бербес үчүн, аны нурдантуу менен бирге жүргүзүш керек дешти.
Нурдантуу же нур терапиясы учурунда, шишикке көзгө көрүнбөгөн атайын нур багытталат. Бул нур тийген клеткалар  бөлүнүп көбөйө албай калат. Демек, нурдантуу учурунда шишиктин тегерегиндеги соо клеткаларга нур тийбеш керек, антпесе алар да өспөй калышат. Баарын алдын ала өлчөп жана эсептеп чыгыш зарыл. Муну “өлчөө” деп коюшат.
Четинди өлчөгөнгө жибергенде (апасы экөө, адегенде “керчөө” деп, Четиндин төшүн ченейт деп ойлошуптур), анын колуна компьютердик томографиянын жыйынтыктары менен пленкаларын беришкен. Нурлар менен иштей алуучу дарыгер (аны “нурданткыч терапевт” дешет) бул сүрөттөрдү карап чыгып, соо клеткаларга нур мүмкүн болушунча азыраак тийгендей кылып, нурдун багытын аныктады.
Эми Четиндин башынан нур тийүүчү жерлерди аныкташ керек. Бул үчүн нурданткыч терапевт Четиндин башын чоң ийри кайчыдай болгон атайын аспап менен өлчөдү. Бул кайчы менен Четиндин маңдайын жана желкесин кыпчып туруп, көпкө эсеп-кысап жүргүздү, анан фломастер менен Четиндин чыкыйына кызгылт белги коюп, бир нече сызык сызды. Ошентип Четин бөлүмгө индеецтей болуп боёнуп кайтты.
Эми эрте менен апасы экөө нурдантууга жүгүрүштү. ал мындай болот экен.
Калың каалгалуу атайын бөлмөдө стол бар. Столдун үстүндө кнопкалары бар түтүк асылып турат, астында тунук текчелер бекитилген. Врач жарыкты айнек текчелер аркылуу өтүп, столго түшкөндой кылып жиберет. Столдун бетинде айдай болгон тегерек пайда болот. Четин столго ошол айдай нур башына тийгендей кылып, ыңтайланып капталынан жатат.  Четин башын кыймылдаткай кыймылсыз жатышы керек.
Врач айдын борбору Четиндин башындагы белгиге түшкөндөй багыттайт. Анан ал дүкөндөгү тараза таштарындай оор нерселерди алып, айнек текчелерге коёт. Ошондон улам, айтегеректен Четиндин башынын кээ бир жерине көлөкө түшөт. Ошол жерлерге нур тийбеши керек болучу.
59
60
Анан дарыгер каалгадан чыгып кетип, анан компьютердик томография кабинетиндегидей терезечеден көрүнүп турду. Аппаратты ал ошояктан иштетти. Апасы дагы терезенин ары жагында калган, бирок кыймылдабай жатыш керек болгондуктан аны көрө алган жок. Четин өзүн оюнчук болуп калдым деп койду.
Четин бир нече секунд кыймылсыз жатты. Ал эч нерсе сезген жок. Прибор гана баш жагында дырылдап турду.
Анан коңгуроо чырылдады: ал бүгүн нурдантуу бүттү дегенди билдирет экен.
Дарыгер келип, аппаратты көтөргөндө Четин кайра кадимкисиндей болуп калды: столдон түшүп, апасына кайтып келди. Алар эми бөлүмгө шашып жөнөштү: аякта медайымдар аны тамызгычка кошушмак.
Ар бир жолу алар нурдантууга келишкенде, кинодогудай “сеанс” башталчу. Ишемби жана жекшемби күндөрү “сеанс” болчу эмес.
Блок нурдантуудан мурда аяктады. Ошондуктан, алар мурдагыдай бөлүмгө жүгүрүп жөнөбөй, кайра кеткенде шашпай басып калышты.
Бир нече сеанстан кийин, Четиндин нур тийген жерлериндеги баш  териси күнгө күйгөнсүп кызарып калды. Дарыгер апасына мында коркунучтуу эч нерсе жоктугун түшүндүрдү. Бул чынында эле күнгө күйгөнгө окшош. Кийин бул жерлер алегенде карарып, анан акырындап калыбына келип калат.
Дарыгердин туулган күнү
Бир күнү апасы Четинге:
— Жакында биздин Дарыгердин туулган күнү, —  деди. Четин адегенде ишенген жок. Туулган күндөр анын өзүндө, апасында, чоң энесинде, ал эмес, кээ бир тааныштарда болот! Дарыгердин кантип туулган күнү болсун! Четин мындайды элестете да алган жок. Бирок, апасы тамашалабаптыр.
— Анда биз ага бирдеме белек кылышыбыз керек! — деди Четин. — А бирок биздин эчтемебиз жок эмеспи.
—Бирдеме ойлоп табалы, — деди апасы. Четин аябай ойлоно баштады. — Балким, менин туулган күнүмдөгүдөй көмөч бышырсаң эмне болот? — деп түшкү тамак убагында апасына сунуш кылды.
— Бул жерде менин көмөчказаным жок да, бышыра албайм! — Балким, бирдеме сатып берербиз? — деди оозун чайкап жатканда.
— Биз ага эмне керек экенин билбейбиз да...
— Балким, мен ага сүрөт тартып бергеним туурадыр? Чоң энеме тартып бергеним ага аябай жакты элего... — алар жатаарга чейин Четин улам бирдеме ойлоп таап атты.
— Туптуура! — апасы сүйүнүп кетти. — Кел, сен анын портретин тарт. Эч ким деле анын портретин тарткан эместир.
— А балким, тарта албастырмын? — Бизде убакыт али көп! Эртең Дарыгер келгенде сен анын көздөрү, муруту, мурду кандай экенин, кантип күлөрүн жакшылап карап ал...
Эртеси ким кимди карап жатканын: Дарыгер Четиндиби же тескерисинчеби, түшүнүш кыйын болду. Четин баарын эсине тутуп алды.
Көздөрү көгүш-боз, көз айнектери кичинекей жылтырак көзүлдүрүктө, мурду узун. Чачтары кара, муруту - саргыч.
Четин баарын эске тутуп алды. Дарыгер кетер замат кагаз менен карындашты колуна алды. Апасы, бирдемеси болбой калса өчүрө коюш үчүн, адегенде жөнөкөй карандаш менен тартып көр деген.
Ал көздөрүнөн баштады. Бир көзү экинчисинен чоңураак болуп калды эле, Четин аны оңдойм деп атып, өчүргүч менен кагазды тешип сала жаздады. Апасы келип, жардам кылганы жакшы болбодубу.
61
62
Сүрөттү бир нече ирет жашырышты: бир туруп инфузомат чыйкылдап калат, бир туруп банкадагы эритме түгөнөт, буларды иреттеш үчүн медайым жетип келет.
Четин көз айнегин дагы, мурутун дагы тартты, ал эмес ийиндери да кичине батты. Түшкө чейин ал кара карандаш менен тартып, түштөн кийин түр карандаш менен сырдай баштады.
— Бизде күмүш карандаш жокпу? — Эмнеге? — Көз айнегин кантип сырдайм? — Боз менен сырдай бер. — Ак мененчи? — Ак түстү эмне кылыасың? — Халатынчы!
Ак сыр табылган жок. Халат сырдалбай эле калды. Кечинде портрет даяр болду. — Эртең беребизби?
— Жок. Туулган күн бүрсүгүнү болот!
— А мен бүгүн кечке эмне мынча тыртактадым? — Эчтеме унутуп калбаш үчүн, эртең дагы бир карап коёсуң да.
Жок, эч нерсе деле унутулган жок. Четин дагы оңдойм деп жулунду, бирок апасы “кой” деп койду.
Дарыгер Туулган Күнү эрте менен Четин эрте ойгонду. Апасы жаңы туруп, ооз чайкаганга эритме даярдап атыптыр.
— Дарыгер келе элекпи? — Жок, келе элек. Азыр өтө эле эрте. Карачы сыртта али караңгы...
Апасы тамак даярдашка кеткенде, Четин шыптагы Жырткычка түшүндүрдү:
— Билесиңби, бүгүн Дарыгердин туулган күнү. Ал болсо келбей атат. А биздин белегибиз бар болучу.
Көпкө күтүшкө туура келди. Дарыгер келгенде Четин керебетинде кытылдап күлүп, секирип ийишке аз эле калды. Дарыгер Четиндин оозун ачтырып, фонарик менен көрмөк болгондо ал чыдабай кетти.
— А биз бирдеме билебиз! — Мен дагы бирдеме билем, — деди Дарыгер. Дарыгер портрет тууралуу билип алганго деп Четин коркуп кетти: — Эмнени билесиз? — Көп нерсени. Мисалы, бүгүн сенин лейкоциттериң жакшы. — Дагы эмнени? — Эмне десем... — Дарыгер ойлоно түштү... — Эмнеден баштасам…
Четиндин чыдамы кетти.
— Бүгүн Сиздин Туулган үнүңүз! Мына, биз эмнени билебиз! Бизден Сизге белек бар! — деп Четин портретти салтанаттуу түрдө тумбочкадан алып чыкты.
— Ой! — деди Дарыгер. — Бул менминго! Четин, сага чоң рахмат! Мени эч ким, эч качан тарта элек болучу! А эмнеге кол коюлбаган?
Четин портретке кол койду, а  Дарыгер аны өзүндө столунун үстүнө илип койду. Портрет ушунчалык окшош болуптур, Дарыгер кээде өзүн күзгүдөн көрүп атам деп ойлоп кетчү.
Алар кантип үйгө кетишти
Убакыт өтө берди. Ооруканада жашаган ар бир күн алардын үйүнө, чоң энесине жана Корооз балыгына кетчү күнүн жакындатып атты. Эгер азыр апасы менен Четиндин билгендерин кошсо, анда алар эң башкы профессордон кем билишпейтко.
63
64
Мисалы, алар «винкристин» деген химиядан бут жана ич ооруй турганын билишет. Күндөн калкалаш керек болгон жана куйганда муздаткан «амфотерицин Б» деген аты татаал  дарыдан тепература да көтөрүлөт, бирок анча коркунучтуу эмес.
Дарыгер аларга анализди айтканча эле апасы Четиндин лейкоцити канча экенин билип калган: эгер анын кабагы бүркөлүп, эч нерсе жакпай жатса, анда - аз. Эрте мененден баштап самолетун, сүрөт тартчу альбомун сураса, чай менен эки бөлкө жесе, отургучтун ары жагында канча таранчы көлчөгө чумкуп жатканына кызыкса, анда лейкоциттер пайда болду.
Ошентип отуруп, жети ай өтүптүр. Акыры акыркы блоктун да убагы жетти. — Эми үйгө камына берсек болбу? — деп апасы Дарыгерден сурады.
— Дароо эле эмес, албетте. Эми лейкоциттер төмөндөйт, анан демейдегидей эле, кайра көтөрүлөт. Үйгө ошондо кетесиңер.
Апасынын ой-пикири “кетели” деп калды окшойт, ошон үчүн Четинге: — Кана эмесе, лейкоциттериңди бачым көтөр. Үйгө, чоң эне менен Петушокко кетели,  — деп калды.
Мурда алар анализдерди мынчалык чыдамсыздык менен күтүшкөн эмес. Алар көтөрүлсүн үчүн, балким атайын бирдеме жеш же ичиш керекпи, же бир сөздөрдү айтыш керекпи, же бир өзгөчө ойлорду ойлосоң, алар көтөрүлөбү? Дарыгер Четиндин температурасы нормалдуу болуп жүргөндүктөн, ага лейкоциттер үчүн дары сайдырган жок.
Дарыгер эрте менен аларга анализдерди айтканда: — Бир аз чыдагыла! — деп атты. — Силер ушунча чыдадыңарго.
Аларда улам жаңы суроолор пайда боло берди. — Үйдө да ушердегидей баарын жууп-тазалап турабызбы? — Жок. — Алманы кабыгы менен жесе болобу? — Ооба. Бирок, адегенде жууш керек!
Дарыгер апасы менен Четин экөөнө түшүндүрдү: — Силер лейкоциттер нормадан бир аз төмөн кезинде эле үйгө кетесиңер. Үйдөн алар калыбына келишет, анан кадимкидей жашай баштайсыңар. Четиндин температурасы көтөрүлсө да эч нерсе болбойт,  коркпогула. Шишик бар кезде биз инфекциядан коркуп аттык, анткени ал Четинди оорутуп, бизге блокторду жылдыртып атты. Азыр химия терапия бүткөндөн кийин суук
65
66
тийсе да коркунуч жок. Алманын кабыгы дагы эми коркунучсуз. Апельсин жей бергиле, жаңгак чагып жегиле. Бирок, адегенде ченеп жегиле.
— Чүчпара, манты жешке да болобу? Андан ооруп калбайымбы? — Болот!
Четин эми лейкоциттерди күтө баштады. Ал керебетине отуруп алып,  лейкоцит-сакчылар кантип катар тизилишип, ага апельсин менен чүчпараны жедиребиз деп дарыя-тамырлар менен сүзүп кетип атканын элестетти... Мурда Четин булар тууралуу эчтеме билген эмес.
Акыры бир күнү Дарыгер аларга: — Бүгун лейкоциттердин саны эки миң болду! Үйгө билет ала бергиле, — деди. — А чүчпарачы? — Үйдөн болот. Макулбу? — А апельсинчи? — Апельсин жей берсең болот.
Мына эми, апасы вокзалга билет алганы жана апельсин апкелгени кетти. Четин жалгыз калганда шыптагы Жырткычка: — Бүттү. Мен үйгө кеттим. Сага эми башка бирөө келет. Сен аны коркутпа,— деди. Дарыгер менен коштошуу үчүн өзүнүн апельсин жеп турган сүрөтүн тарта баштады.
Дарыгер болсо өз бөлмөсүнө барып Четиндин тарыхын алып, көчүрмө деген атайын документ жасай баштады: анда Четин ооруканада жатканда аны менен эмне болгону бүт жазылат, мындан ары эмне кылыш керектиги айтылат.
Анда бардык болгон иштер баяндалат — Четин кантип ооруп калганы, ага толук 9 блок химия терапия жасалганы, үчүнчү блоктон кийин шишик КТдан көрүнбөй калганы, анан анын нурга какталганы, блоктордун арасында ооруганы бүт жазылат.
Бирок Дарыгер Четин менен толук коштошкон жок. Алар апасы экөө шишик кайра пайда болбогонун, Четин кадимкидей өсүп жана өркүндөп жатканына ишениш үчүн, “текшерилүүгө”, же Дарыгер жазгандай контролдук изилдөөгө келип турушат, Адегенде алар үч айда бир жолу, анан алты айда бир, аягында жылына бир жолу келип турушат.
Четин бардык оокаттарын: көп жуулуп атып кээ бир тамгалары өчкөн канаты жарака самолетун, пилдери бар пижамасын, Биздинстандын картасын жана Киканын апасы белек кылган резина күчүгүн  чогултту. Апасы да буюмдарын бир дөбөгө жыйнады.
Дарыгер келип, катетердин пластырын сыйрып туруп, өзүн тартып сууруп алды. Четин эч нерсе сезген жок. Дарыгер катетер чыккан жерге кичине пластырь жабыштырып койду.
67
68
Пластырды үйдөн алып таштоо керек.
Бардык чемодандарды таңып алып, вокзалга келип коездге отурушту. Четиндин башында да Шашаныкындай баш сөөктүн сүрөтү тартылган бандана бар болучу.
Четиндин контролдук текшерүүгө келгени
Үч ай деген - алдыда кезинде - узак мөөнөт. Өтүп кеткенден кийин, кечөөкүдөй эле сезилет.
Четин үч ай үйүндө болду. А апельсин, чүчпара, манты жеп атты, ваннада жуунду, катетердин тагы кантип айыкканын байкап жүрдү. Анын башы адегенде күлкүлүү түк менен капталды, анан акырындап чач өсүп чыкты. Ал абдан жумшак, тармал сымал жана бозомтук болчу. Чыкыйындагы жана мойнундагы дары нур тийген жерлер агарды.
Четиндин Тарыхынан көчүрмөнү апасы поликлиникага алпарып берди. Четин аякка да барып анализден өттү. Бу жерде канды ооруканадагыдай катетерден, же венадан эмес, учтуу шиш менен сайып манжадан алат экен. Четинге бул такыр жаккан жок, бирок, кудай жалгап, көп кыйнашкан жок: анализдер жакшы чыгып атты.  Апасы адегенде чочуду: лейкоциттер беш, алты, ал эмес жети миңге жетип абдан жогору болду! Апасы Дарыгерге ооруканага чалса, ал: эми ушундай болот, Четин химия алып жүргөндө алар демейдегиден аз болучу, азыр Четиндин чучугу калыбына келип, кандагы клеткалар соо адамдыкындай болуп калды. Буга эми көнүш керек, - дептир.
Адегенде Четин мурдагыдай маска кийип жүрдү. Анан бир жолу унутуп калыптыр, эстегенде кайра баргысы келген жок. Кийинки күнү апасы Дарыгерге чалып, мунун коркунучу жокпу деп сурады. Дарыгер коркунучу жок дептир.
Бирок Корооз балыкты азырынча чоң эненикинде эле калтырышты. Анан ооруканага кайра барып Четиндин кантип калганын текшере турган күн келди. Апасы Дарыгерге мурда чалып, аны менен күн болжошуп алды.
Бул жолу алар аз эле буюм алышкандыктан, баары бир эле кичине чемоданга батты.
Алар дагы поезд менен жол жүрүштү. Четин терезени караганы менен жолду тааныган жок. Алар Жаңы шаарга биринчи жолу барышкандан бери чыпчаң бир жыл өтүптүр!
Ооруканага барганда, апасы баарын унутуп калыптыр, Четин болсо бөлүмгө кантип барышка болорун жакшы эстеп жүрүптүр.  Анткени, апасы кайсы жерден буруларды, кайсы каалганын боёгу тоого окшоп жарылып кеткенин, кайсы жерден жүрөк тартылган дубалга чейин түз басыш керектигин байкаган эмес.
Алар кепич кийип бөлүмгө киришти. Коридордо чоочун балдар жана апалар жүрүштү. Эч ким Четинге көңүл бурган жок. Дарыгер да адегенде өтүп кетти. Анын колунда кандайдыр бир кагаздар жана пробиркалар бар, абдан кабатыр болуп жүрүптүр.
Бирок, ал кайрылып карап, апасынан. — Сиз кимди алып келдиңиз? — деп сурады. — Бул башка бир чоң жигитко! Жолдо келатып, биздин Четинди башка бирөөгө алмашып алган жоксузбу?
— Жок, бул мен элемин! — деп Четин кыйкыра жаздады. — Ошондойбу? Менимче, үнүң окшош...
Дарыгер кагаздары менен пробиркаларын алпарып таштап, Четинди биринчи көргөндөй карап көрө баштады.
69
70
Адегенде ал анын салмагын жана боюн өлчөдү. Көрсө, Четин үч сантиметрге өсүптүр жана бир жарым килограмм салмак кошуптур.
— Биз аракет кылдык! — деди апасы.
Анан Дарыгер аны тыңшап, ичин жана мойнун кармалап көрдү. Эч бир жаман нерсе таба албады. Четин болсо анын көзүлдүрүгү мурдагыдай эле жылтылдаганын, чөнтөгүнөн баягыдай эле көп нерселери быжыраганын көрүп турат.
Дарыгер аларды коридордо күтүп тургула деди. Алар коридордо отурушуп, Четин дарыланып жүргөндөгүсүн эстеп атышты.
Капыстан эле, коридордун тиги учунан кичине кызы менен бир апа көрүнүп калды. Кыз ишенимдүү топоңдой басып, апасын колунан жетелеп алыптыр. Апасы болбой Четиндин жанына токтой калды.
— Салам, Четин!
Аңгыча тиги кыз дагы Четинди карап туруп, ага колун берип, өзүнүн сөзүн айтты:
— У!
Четин ушул жерден араң Киканы тааныды. Мына, чоңойду деп ушуну айтыш керек! Өзү басып, кубиктерден өзү үй курганга жарап, ал эмес, кашык менен өзү (кичине эле!) тамак жеп калыптыр. Ага Четин үйүндө жүргөндө чучук салышыптыр, анан сыртка чыкканга жакында эле уруксат беришиптир.
Албетте, ал Четинди тааныган жок. Бирок, Четин ага таарынбады — ал али өтө кичинекей да!
Бул убактын ичинде Дарыгер өз бөлмөсүнөн Четиндин компьютердик томогафияларынын жыйынтыктары бар пленкаларды таап чыгып, баарын апасына берди.
— Азыр силер КТга барасыңар. Жол эсиңердеби? — Четиндин эсинде эледир, — деди апасы. — Бирок, кечирип кой, азыр сага жакпаган бир нерсе бар.
— Ал кандай нерсе? — деп Четин апасы экөө таң калышты. — Дагы бирдеме болдубу?
— Жок, баары жайында. Бирок, адегенде сенин венаңа кичинекей бир катетер коюш керек. (Катетерди дайыма коюш керек дешет, эмне үчүн экенин эч ким билбейт).
— Билдим! Контраст киргизиш үчүн турбайбы, — деди Четин.
Дарыгер Четинди процедура бөлмөсүнө алып келип, столдун жанындагы отургучка отургузуп, анан колдон кармады.
— Венадан алгандан коркпойм. Үйдө жүргөндө сөөмөйдөн алышкан - мына ушул жаман.
— Кан алганда сен ыйлайсыңбы? — Жок, ыйлабайм, жөн эле. Баары бир алышат да... — Ой, сен философ болгон турбайсыңбы! — Дарыгер таң калды.
— Ким дейсиз? — Философ дейм. Бул - дайыма ойлонуп жүргөн, ошондуктан дүйнө кандай жаралганын, эмнени кылып, эмнени кылбаш керектигин билген адам.
— Ооба, мен мурда деле дайыма ойлонуп жүрчүмүн, — деди Четин.
Дарыгер катетер койду, анан Четин апасы экөө КТга жөнөштү. Албетте, апасы жолду унутуп калыптыр, а Четин болсо, эстеп жүрүптүр.
КТнын жыйынтыктарын кечке чейии күтүш керек экен, ошондуктан Четин апасы экөө басып кетишти. Алар дайыма аэродром болгон отургучту да көрүп келишти.
Алар кайра келгенде жыйынтыктар даяр болуптур: Четиндин кулагында баары жакшы экен.
Дарыгер Четинге шишик табылган жок деп жазылган жаңы көчүрмө берди. Бул - “шишиктин толук регрессиясы” деп аталат экен, башкача айтканда шишик жок болду жана кайра болбойт.
Ошентип, алар үйүнө жайма-жай жөнөштү. — Ой, чоң энедеги Короозду алсак болобу деп сурабай калыптырбыз! — Эчтеке эмес, кийинчерээк чалып, сурап алабыз, — деди апасы.
71
72
«Книга в помощь» сериясы тууралуу
«Книга в помощь» боорукердик сериясынын аракети менен балдары ракка чалдыккан үй-бүлөлөргө жардам катары китептер чыгарылат.
Сериянын ичинде чыккан китептер:
«Книга в помощь» — биринчи китеп, кийин серия ушинтип аталып калды. Балдардын лейкозун жана башка онкологиялык ооруларын дарылоо үчүн ата-энелерге, чоң ата-чоң энелерге, досторуна, туугандарына жана башка бооруке адамдарга колдонмо Химия терапия колдонулуучу башка онкологиялык ооруларды дарылоодо пайдасы тийет.
Пациенттин күндөлүгү — дарылоонун жүрүшүн жазып жүрүүгө ылайыкталган атайын дептер.
«Баатыр улан Петя, каарман врачтар жана таш боор Лейкоз сыйкырчы тууралуу» — психотерапевттик жомок,  балдардын лейкозун дарылоо учурунда психологиялык жардамкылууга арналган. Китеп 3 төн 15 жашка чейинки пациенттерди дарылоочу онкологиялык клиникаларга жана ата-энелерге арналган. Онкопсихологдорго да пайдасы болот.
Сериянын сайты: www.onkobook.ru Фейсбуктагы группа: www.facebook.com/groups/onkobook
Кантип жардам беришке болот
Россияда балдары рак менен ооруп калган үй-бүлөлөр үчүн көп китептер чыгарылып атат, бирок информация дагы эле аз, анткени жаңы пациенттердин катары, тилекке каршы, улам толукталууда. Ошондуктан, бул «Книга в помощь» сериясы улантып басыла бермекчи. Бул үчүн силердин да жардамыңар керек болот.
Биз тираждарды көбөйтүп басууга ыктыярдууларды активдүү чакыра беребиз, бирок ишти дайыма бекер жүргүзүш мүмкүн эмес. Эч болбогондо, типографияга төлөш керек.
Ошондой эле, биз ооруканалардын, боорукердик фондулардын жана ата-энелердин өтүнүчү боюнча китептерди Россия боюнча бекер жөнөтөбүз. Транспорт чыгымдары бюджетибиздин олуттуу бөлүгүн ээлейт..
Сиз же сиздин компания бизге жардамдаша аласыңарбы? Мага natalia@onkobook.ru почтасы боюнча кайрылсаңар, силерге ылайык келген жолду таап алабыз.
Сизге өркүндөп осүүнү каалаган,
Наталия Леднева

73

Комментариев нет:

Отправить комментарий